“ИШИМ”дин жетекчиси Багдадий жөнүндөгү суроого жооп

335
0

 Суроо: Ушул күндөрдө түрдүү сайттарда “ИШИМ” уюмунун жетекчиси Абу Бакр Багдадий туурасында шектүү кабарлар жайыла баштады. Анын өзүнүн аты Эллиот Симон болуп, ал яхудийлердин Моссад партиясынан экендиги айтылууда. Биз исламий саясий Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү болгондуктан жана мусулман болгонубуз себептүү маалыматтарды текшерип, анын туура экендиги тастыкталгандан кийин гана бул кабарды башкаларга жеткиришибиз мүмкүн болот. Ошондуктан, мен силерде бул тууралуу сахих маалымат болсо мага да жиберишиӊерди, эгерде маалымат болбосо текшерип көрүп, анык жооп табууга жардам беришиӊиздерди суранамын. Өзүм да иншаллах изденемин. Эгерде чындап эле Багдадий Эллиот Симон болуп чыкса, муну Үммөткө жеткирүү үчүн олуттуу аракет кылабыз, кокустан булар негизсиз жалган кабарлар болсо, Үммөттүн бөлүнүшүнө себеп болуучу бул кабардан Үммөттү эскертишибиз керек. Аллахтын Өзү иштерибизге жардам берсин о.э. нусраты менен көздөрүбүздү жана дилдерибизди курсант кылсын.

Туркистон: Жооп: Ва алайкум ассалам.

 Хизбут-Тахрир исламий саясий Хизб болгондуктан, башка жамааттардын өкүлдөрүнүн же амирлеринин өмүр баянын иликтөө менен алектенбейт. Ал ар кандай адамдын, хизбдин же жамааттын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө көӊүл бурат жана ушуга ылайык, эгерде зарыл болсо аларга жана алардын белгилүү бир аракеттерине карата өз позициясынан туруп мамиле билдирет.

 Хизбут-Тахрир Ислам мабдасына негизделген Хизб болгондуктан, шаръий эмес бирер аракет аркылуу белгилүү бир кызыкчылыкты жүзөгө чыгарып алууга өзү үчүн тыюу салып, ушуга далалат кылуучу бир нече пикирлерди табанний кылган. Ошондуктан, Багдадий же башка исламий кыймыл аталышы астында аракет кылып жаткан уюмдардын ар биринин жүргүзүп жаткан аракеттериндеги шаръий жана саясий ката же ийигиликтерге көӊүл буруп, керек болсо мамилесин билдирип келет.

 Маалымат каражаттарындагы Багдадий туурасындагы маалыматтарга келсек, Пайгамбарыбыз соллаллаху алайхи ва саллам, “Башы мейиз сыяктуу кара адам акыйкатты сүйлөсө, кабыл алгыла” дегендей, адамдын мурунку өмүр баяны кандай болушуна карабастан, биз анын бүгүнкү абалына көӊүл бурушубуз керек болот. Себеби, Ислам эшиги, ал тургай, Обама үчүн да ачык. Тообо эшиги да кудум ушундай. Биз бул эшиктерди жабууга аракет кылышыбыз жаиз эмес. Тескерисинче, бул эшикти кафир же адашкан адамдарга көрсөтүү жана аларды ушул эшиктен алып кирүү биздин негизги милдеттерибиз болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз соллаллаху алайхи ва саллам Меккеде даъватын жашыруун абалда жүргүзүп жатып, “ Аллахым бизди эки Умардын бири менен кубаттандыргын” деп дуба кылганда Абу Жахлды да назарда туткан эле.

 Багдадий жетекчилик кылып келе жаткан уюмдун негизги катасы да кудум ушунда эмеспи? Алар мусулмандарга карата “такфир” түшүнүгүнөн келип чыгып жаман мамилелерди кылышты. Ал тургай, аларга тообо кылууга мүмкүнчүлүк да беришпеди. Шаръий эмес жол менен өздөрүн “Ислам мамлекети” деп жарыялап алышты. Натыйжада мусулмандарда аларга карата жек көрүү пайда болду. Куфрга кызмат кылып келе жаткан бийлик өкүлдөрү же интелегенция өкүлдөрүбүз деп айтып келе жатышкан интеллигенттер катмарында, ал тургай, мечит имамдарынан баштап, дин өкүлдөрүнө  чейин алар көтөргөн түшүнүктөрдөн кооптоно башташты. Бул болсо, коомубуздун негизин түзүүчү жетекчи катмарды Ислам жана мусулмандардан корко турган, аларга ишенбей турган абалга алып барууда. Өз кезегинде бул түшүнүктөр мусулмандардын өз ара бөлүнүшүнө себеп болууда.

 Бийлик өкүлдөрү, күч органдары жана аскер кызматкерлери, интелегенция өкүлдөрү жана башка бардык коомдун мүчөлөрү өздөрүн мусулман деп эсептеген болсо, демек, алар мусулман болуп эсептелишет. Болгону, алардын арасынан кээ бирлери өздөрүнүн аракеттери (куфр келтирүү) менен кафир (муртад), же болбосо, кээ бир аракеттери менен катуу күнөөкөр болуп калышы мүмкүн. Кээ бир тармактар болсо мусулмандар үчүн бүтүндөй арам. Эки абалда теӊ белгилүү бир адамдардын аракеттери же каталары себептүү бүтүндөй бир тармак өкүлдөрүнүн үстүнөн өкүм чыгарылбайт.

 Ошондуктан билип коюшубуз керек болгон нерсе, жогорудагы Багдадий туурасындагы пикирлер куфрдун саясий оюндарынын бири болушу мүмкүн. Бул аркылуу АКШ бүт дүйнөгө “Ислам мамлекети” деген аталыштагы уюм өзүнүн кол астында экенин жана ал бул уюмду каалаган тарапка багыттай алышы мүмкүн экендигин түшүндүрүп коймокчу болот. Мисалы, Кыргызстанда ушул уюмдун өкүлдөрү күчөп бара жаткандыгынан коркуу пайда кылды. Кыргыз мамлекети андай эместигин билбей калышы мүмкүн эмес эле. Бирок, кыргыз бийлиги “Ислам мамлекети” уюмунан эмес, аны алып келиши же анын атынан өзү иш жүргүзүшү мүмкүн болгон АКШдан коркту. Башка өлкө жана мамлекеттер да кудум ушул сыяктуу АКШдан корко башташат.

 Ошондуктан, биз ар бир аракетибизде шаръий өкүмгө бекем байланып, бир гана Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Куфрдун айла-амалдарын көрө билүү да шаръий жактан важиб иш болгондуктан, муну жүзөгө чыгаруу үчүн саясат менен дайым бирге барышыбыз да важиб болот. Болбосо, билбеген абалда, куфрдун пландары өнүгүшүнө салым кошуп коюшубуз мүмкүн.

 Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here