НАТО Кыргызстандан келишимдин мөөнөтүн узартууну талап кылууда

257
0

 16-февраль күнү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетине Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдагы ишмердүүлүгү туурасында маалымат берилди.

 Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, 2014-жылы Кыргызстандын НАТО менен кызматташтыгынын негизги багыттары саясий диалогду улантуу, биринчи кезекте аскерий кызматкерлер үчүн окуу, мурдагы аскерий кызматкерлерди жарандык турмушка ыӊгайлаштыруу программаларын ишке ашыруу сыяктуу аскерий эмес кызматташтыкты кеңейтүү маселелери болгон.

 “НАТО Афганистанда баштаган жаңы милдетине ылайык, 2015-жылдын январынан баштап (ISAF)ка тиешелүү жүктөрдү Кыргызстан аймагы аркылуу алып өтүү туурасындагы келишимди узартуу маселесин көтөрүп чыгууда”, – деди Абдылдаев.

 Министрдин билдиришинче, 2015-жылдын 10-январында Кыргызстан тышкы иштер министрлигинде НАТО Афганистанда баштаган “Чечкиндүү колдоо” деген жаңы миссия үчүн жүктөрдү транзит кылууда Кыргызстандын катышуусу маселеси боюнча министрликтер аралык жолугушуу болуп өткөн.

 “Кыргызстан аркылуу Ооганстанга НАТОнун  жүгүн ташууга уруксат берүү маселеси 10-январда Бишкекте министрликтердин өз ара кеңешмесинде талкууланып, ал үчүн 2012-жылкы Чикагодо кол коюлган протоколго кошумча киргизүү чечими жактырылган”, – деди тышкы иштер министри.

 Туркистон:

Кыргызстандын мурунку эки президенти Акаев жана Бакиевдерди бийликтен кулатуу үчүн жетиштүү себеп болгон “Манас” авиабазасы маселеси дагы кайрадан козголууда.

 Акаев да, Бакиев да Россияга “Манас” аэропортунан АКШ аскерий базасын чыгарып жиберүүгө убада берип, кийинчерээк убадаларына турбаганы үчүн Россия тарабынан катуу жазаланышкан.

 Өзүнөн мурунку президенттердин тагдырынан тыянак чыгарган Атамбаев 2014-жылдын июль айына барып  АКШ менен аскерий базанын мөөнөтүн узартуу жөнүндө эч кандай сөз болбостугу жана аскерий база чыгарып жиберилиши туурасында Россияга убада берди. О.э. кандайдыр мааниде сөзүнө турду. АКШ болсо Кыргызстандын бул талаптарына эч кандай каршылык билдирбестен “Манас”тан чыгып кетти. Пентагондун расмий өкүлү подполковник Кэти Уилкинсон болсо “мындан кийин Афганистандагы аскерий операцияларыбыз Румыниянын Констанца шаарында жайгашкан Михаил Когалницеан аэропортунан колдоп турулат” деген эле.

 Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айткандары болсо, АКШ “Манас” аэропортунан чыгып кетиши, болгону бир саясий чегинүү болгонун жана ал оӊойлук менен Кыргызстандан баш тартпастыгын билдирип турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here