Өз элин караӊгылыкта калтырган Тажикстан бийлиги Афганистанга электр энергиясын жеткирип берүүнү улантууда

281
0

 Тажикстан президентинин алдындагы статистика агенттиги таркаткан отчётко ылайык, өткөн январь айында Тажикстан Афганистанга 55 миллион кВт/саат электр энергиясын жеткирип берген. Бул болсо, кошуна Афганистанга күнүнө 1,8 млн. кВт/сааттан көбүрөөк электр жеткирип берилгендигин түшүндүрөт. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда эки эсеге көбөйгөн. 2014-жылдын январь айында Тажикстан Афганистанга 30 млн. кВт/саат электр энергиясын жеткирип берген эле.

 Кошуна мамлекеттерге электр энергиясын жеткирип берүүнү кыш айларында да токтотпостукка аракет кыла турган Тажикстанда болсо карапайым калктын күнү шамчырак менен кара мешке калган. Жыл сайын октябр айынан башталып апрель айына чейин электр энергиясына киргизиле турган чектөөлөр маалында айыл жана шаарларда жашаган калкка күнүнө бир нече саат гана электр жарыгы берилет. Борбор Азиянын башка региондоруна караганда кышы аяздуу боло турган Тажикстандын айылда жашаган калкы көмүр жана отун менен эптеп күн көрүп жаткан болсо, шаарда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган адамдар электр таӊкыстыгынан көп азап тартышат.

 Ал эми 2015-жылдын март айында боло турган парламенттик шайлоонун алдынан Тажикстан президенти Эмомали Рахмон тийиштүү мекемелерге 16-февралдан баштап калкты электр менен камсыздоо убагын узартуу милдетин жүктөдү. Президенттин тапшырмасына ылайык, эми калкка суткасына 13 саат т.а. эртеӊ мененки 5:00тен 11:00ге чейин жана кечки 16:00дан 23:00кө чейин электр жарыгы бериле турган болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here