Булуӊ мамлекеттери БУУну Ямандын иштерине аралашууга чакырды

314
0

Булуң мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Ямандагы акыркы кырдаалды талкуулашуу максатында Саудиянын борбору Эр-Риядда чогулушту. Бул тууралуу Саудиянын мамлекеттик телевидениеси кабарлады.

Катардын тышкы иштер министри Холид бин Мухаммад ал-Атийя жетекчилигинде чогулган Булуң мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Яманга бериле турган жардамды уланта тургандыгын баса белгилешип, Шия Ансоруллах тобунун (Хувсийлердин) аракеттерин кабыл албастыктарын билдиришти. О.э. алар БУУну Яман иштерине аскерий жактан аралашууга чакырышты. Министрлердин айтымында, аскерий аралашууга уруксат бере турган БУУ келишиминин 7-бөлүмүн колдонушу керек.

БУУ келишиминин аскерий аралашууга уруксат бере турган 7-бөлүмүнө ылайык, БУУнун Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздукту коргоо же жаӊыдан уюштуруу үчүн аба, деӊиз жана кургактык күчтөрү жардамында зарыл деп табылган ар түрдүү демилгелерди ишке ашыруу укугуна ээ.

Ошол эле убакта АКШ разведкасы Кошмо Штаттар колдоп келе жаткан Яман бийлигинин кулашы күтүлбөгөн абал экендигин ачыктады. Ак үйдүн террорго каршы күрөшүү боюнча директору Ник Расмуссен АКШдан колдоо алып жаткан Ямандын аскерлери Хувсийлерден жеӊилгендигин билдирди.

“Хувсийлер Санъаны көзөмөлгө алууну көздөй илгерилеп бара жатышат. Бир нече майданда өздөрүнө теӊеле турган күчкө дуушар болушпады. Кырдаал биз ойлогондон да тезирээк начарлап барууда,” – деди Расмуссен.

2014-жылдын сентябрь айында Санъаны көзөмөлгө алган Хувсийлер менен бийликтегилер ортосунда келишим түзүлгөн эле. Келишимде “Үч күндүн ичинде жаңы өкмөт түзүү, президент Абдурроббих Мансур Ходи эч кандай саясий партияга мүчө болбогон адамга президенттик кызматын ташырышы, баасы көтөрүлгөн нефть продукцияларынын баасы арзандатылышы” сыяктуу беренелер орун алган. Мансур Ходи оффис мүдүрү Ахмед Авад бин Мубаракка өкмөт түзүү милдетин жүктөгөн эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here