Путин Сисиге калашников автоматын белекке берди

328
0

Россия президенти Владимир Путин Мисирге болгон сапарында Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сисиге “Ak-47 Калашников” тибиндеги курал тартуу кылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аъла Юсуф билдирди. Эксперттердин айтымында, Путиндин бул тартуусу Россия жана Мисир ортосунда ишке ашырылышы пландаштырылган курал-жарак келишиминин бир көрүнүшү болуп эсептелет.

Мисир маалымат каражаттары Путиндин Каирге болгон сапары алкагында эки мамлекет ортосунда үч миллиард долларлык “Курал-жарак” келишимине кол коюлушу күтүлүп жаткандыгын ачыкташты. Мисир маалымат каражаттары таркаткан кабарга ылайык, “Курал-жарак” келишиминин финансылык тарабы Бириккен Араб Эмираттарынын мойнуна жүктөлөт.

Мисир президенти Абдулфаттах Ас-Сиси Россия президентинин Мисирге болгон сапары террорго (Исламга) каршы күрөштө Мисир өкмөтүн колдоп-кубаттоо экендигин айтып өттү

“Путин мырзанын мындай бир абалда ишке ашырган сапары террорго каршы согушубузда бизге жардам берүүсүн түшүндүрөт”, – деди Мисир президенти.

Ас-Сисинин баса белгилешинче          , Мисир аскерийлери террорчуларга (мусулмандарга) каршы күрөштү күчөтүп жаткан бир убакта, Мисир армиясынын мүмкүнчүлүгүн күчөтүү үчүн Россия менен аскерий кызматташтыкты күчөтүү өтө маанилүү.

Каирдеги Кубба сарайында уюштурулган ортоктош маалымат конференциясында сөз сүйлөгөн ас-Сиси, Мисир өкмөтү Женева конференциясына ылайык Сирия маселесинин саясий чечимин колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди. Өз кезегинде Путин да Сирия кризиси үчүн саясий чечим издеп жаткандыгын жана бул маселеде Сирия оппозициясы менен режим ортосундагы сүйлөшүүлөрдү Москвада өткөрүп жаткандыгын айтып өттү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here