Король Салман: Ас-Сиси менен алакаларыбыз жакшы

417
0

Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү маалында король Салман Мисирдин туруктуулугу жана коопсуздугу жаатында Эр Рияддын позициясы анык экендигин жана таптакыр өзгөрбөстүгүн билдирди. Королдун айтымында, эки мамлекет ортосундагы алакалар бузулбай турган даражада бекем.

“Саудия менен Мисир ортосундагы алакалар соо-саламат алакаларга таянат. Бул эки мамлекеттин бири-бирине жакындыгы жетиштүү даражада бекем, эч кандай аракет биздин ортобуздагы алакаларга зыян жеткире албайт”, – деди Саудия королу.

Эки жетекчи ортосунда болуп өткөн телефон аркылуу сүйлөшүү, Мисир президенти булуң мамлекеттеринен жардам акча талап кылган аудио тасма ашкере кылынгандан бир күндөн кийин ишке ашырылды. 2014-жылдын февраль айында Мисир президенти ас-Сиси жана анын катчысы Аббас Камил о.э. аскерий кеңештин мүчөсү Махмуд Хижаз катышкан жыйында жазып алынган аудио тасма бир күн мурда маалымат каражаттарында жарыя кылынган эле. Анда Мисир президенти ас-Сиси  булуң мамлекеттеринин ар биринен 10 миллиард доллардан талап кылган айтылган.

Стамбулда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Мисир оппозициясына караштуу телевидение аркылуу таркатылган аудио тасмада президент ас-Сиси булуң мамлекеттеринен каражат  талап кылган.

“Булуң мамлекеттеринин жетекчилери өз мамлекеттери бюджеттеринде өтө чоӊ өлчөмдөгү каражатка ээ. 10 миллиард доллар каалайбыз. Бириккен Араб Эмираттарынан 10 миллиард, Кувейттен 10 миллиард… аскерий эсепке өткөрүлө турган 10 миллиард долларга муктажбыз. Акчалар борбордук банкка коюлат. Ошону менен 2014-жылдагы эсеп жабылган болот”, – деди Сиси өз ара маекте.

Катчы Аббас Камил анын бул сөздөрүнө күлөт. Ошондо Сиси Аббас Камилге: “Эмнеге күлөсүз? Акча деген аларда күрүч сыяктуу чачылып жатат”, – деп жооп берет.

Маекте Аббас Камил бир гана Катардын борбордук банкынын запасы 900 миллиард доллар экендигин билдирип, Катар амиринин атына жаман сөздөрдү айткан.

Саудия менен Бириккен Араб Эмираты Мисирде ишке ашырылган аскерий төӊкөрүш жана шайлоолордо Мисирге эӊ көп финансылык жардам көрсөткөн мамлекеттер болуп эсептелишет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here