Үч мамлекеттин тышкы иштер министрлери жолугушту

598
0

Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров,  Кытай тышкы иштер министри Ван И жана Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж Кытайдын борбору Пекинде жолугушту. Жолугушууда жогорудагы үч мамлекеттин ортосундагы өз ара кызматташтык маселелери көрүп чыгылды. О.э. дүйнө туруктуулугу жана коопсуздугу маселелери менен бир катарда эл аралык экономикалык проблемалар да талкуулангандыгы айтылууда.

Спутниктик каналдар аркылуу таркатылган кабарларга ылайык, жогорудагы жолугушуудан Азия Тынч океаны регионунун эл аралык маселелердеги ролун күчөтүү максаты көздөлгөн. О.э. бул жолугушуу Чыгыш Азия саммити, Түндүк-Чыгыш Азия мамлекеттери уюму (АСЕАН) жана Азия-Европа саммити (АСЕМ) алкагында Россия-Кытай-Индия ортосундагы координациясын өнүктүрүү максатында Россия, Кытай жана Индия тышкы иштер министрлери тарабынан өткөрүлгөндүгү айтылууда.

Россия тышкы иштер министри бул жолугушуунун алкагында индиялык кесиптеши Сушма Сварадж менен жолугушуу өткөрдү. Эки мамлекет ортосундагы энергия, технологиялык инновация тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана экономикалык алакаларды өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар боюнча келишип алынды.

О.э. Лавров Кытай тышкы иштер министри Ван И менен да өз алдынча жолугушуу өткөрдү. Лавровдун баса белгилешинче, Россия менен Кытай ортосундагы алакалар ушул күндөрдө эң жогорку даражага көтөрүлгөн.

“Эки мамлекет ортосундагы алакалар мурда болуп көрбөгөн өнүгүү баскычынан өтүп жатат”, – деди Россиянын тышкы иштер министри.

Кытай тышкы иштер министри Ван И болсо Россия президенти Владимир Путин менен Кытай президенти Си Цзиньпин ортосунда түзүлгөн келишимдерди турмушка ашырууда эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин кызматы чоӊ болгондугуна басым жасады. Ван И Москва менен стратегиялык алакаларды жана жогорку даражалуу кызматташтыкты күчөтүүнү каалай тургандыгын билдирди.

Лавров Пекинде Кытай президенти Си Цзиньпин менен да жолугушту. Цзиньпинге Путиндин саламын жеткирген Лавров: “Эки мамлекеттин президенттери тарабынан түзүлгөн келишимдер өз ара мамилелер бардык тармактарда өнүгүшү үчүн бекем пайдубал пайда кылат”, – деди.

Туркистон:

Учурда Россия энергетикалык сырьё үстүнө курулган экономикалык системасын Кытай жана ал аркылуу Индия тарапка кеӊейтүү менен убактылуу болсо да стабилдештирүүгө аракет кылат. Бул кеңейүү ага саясий жактан да өтө маанилүү. Бирок, Россия экономикасынын убактылуу стабилдешүү маселеси анын Кытай жана Индия үчүн сырьё базасына айланып калышына байланыштуу. Себеби, алар учурда дүйнөдө экономикалык өнөржайлардын өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн өсүү даражасы боюнча эң алдыӊкылар катарына кирип бара жаткан мамлекеттер болуп эсептелишет. Ошондуктан, Россия аларды көбүрөөк энергетикалык өнөктөш катары өзүнө тартууга аракет кылат. Себеби, Россия Кытай эле эмес, Индия базарларын да алда качан эле колдон чыгарган. Ал азыр тескерисинче алар үчүн өтө пайдалуу базар катары каралууда. Демек, учурдагы кырдаалда алардын ортосундагы товар алмаштыруу көбүрөөк Россиянын сырьё экспортунун акысына алар тараптан даяр продукция импорт кылуу менен жүргүзүлөт. Бул болсо, Россия экономикасын өнөржайды өнүктүрүүнү көздөй багыттоо саясатын жокко чыгарат. Инвесторлор, биргелешкен ишканалар Путин режиминин банкрот абалынан чыгып кетиши үчүн жумушчу орундарды пайда кылууга жардам бериши мүмкүн. Бирок, Россия муну менен агрардык мамлекетке айланып бүтөт. Агрардык мамлекет болсо улуу мамлекеттер сабында болушу мүмкүн эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here