Америка элчиканасынын билдиришинче, Ричард Майлз АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси болуп дайындалган жана ал жакынкы күндөрдө Кыргызстанга келет.
Ричард Майлздын басып өткөн жолун жана ал элчи болуп дайындалган мамлекеттерде көрсөткөн “кереметин” эсепке албаганда, бул кабар анчалык эле маанилүү кабардай болуп көрүнбөйт.
Ричард Майлз 1937-жылы Арканзас штатынын Литтл-Роке шаарында төрөлгөн. 1954-1957-жылдарда деӊиз кошуундарында аскерий кызматын өтөгөн. Аскердик кызматтан кийин университетти бүтүргөн Ричард Германияда жайгашкан АКШ амиясынын орус институтунда билим алган, ал окуу жайдан көптөгөн адистер жетилип чыккан болуп, алар разведка жана армия сабында кызмат кылышкан. Ричард Майлз дипломатиялык ишмердүүлүгүн 1967-жылы баштаган.
Майлз алгач постсоветтик өлкөлөрдүн бири болгон Азербайжанга элчи болуп дайындалган. Ричард Майлз элчилик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 1992-1993-жылдарда Абулфаз Элчибей башчылыгындагы улутчул өкмөттү Гейдар Алиев шайлоодо жеӊип чыккан.
1996-жылдан 1999-жылга чейин Майлз Югославияда элчи болуп кызмат кылган жана көпчүлүккө белгилүү болгондой, ошол кезде Косоводо согуш башталып, миңдеген албандар кыргын кылынган.
Югославиядан кийин 1999-2001-жылдарда Майлз Болгарияга элчи болуп дайындалган жана 2001-жылдын 24-июль күнү премьер-министр Иван Костов парламенттик шайлоолордо батышчыл Симеон Сакскобургготтон жеӊилген.
Болагарияда милдетин ийгиликтүү өтөгөндөн кийин Грузияга элчи болуп келген Ричард Майлз 2003-жылдагы ынкылаптын негизги көсөмү болуп эсептелет.
Бир катар мамлекеттерде элчи болгон о.э. өкмөттөрдү алмаштыруу милдетин жогорку даражада аткарган Майлздын өзүнө таандык болгон багыты – бул мамлекеттин энергетика тармагына көӊүл бурушу. Грузиянын экс президенти Эдуард Шеварнадзе да Россиянын “Газпром” компаниясы менен 25 жылга келишим түзгөндөн кийин АКШнын жек көрүүсүнө дуушар болгон эле. Себеби, ошол келишим АКШ кызыкчылыктары үчүн кызмат кыла турган Баку-Тбилиси-Эрзурум долбооруна олуттуу зыян жеткириши мүмкүн эле.
Өткөн жылдын 10-апрелинде “Кыргызгаз” Россиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатылышы туурасындагы келишимге кол коюлду. Арадан бир жылга чукул убакыт өткөндөн кийин болсо, 2009-жылы отставкага чыккан “ынкылаптар устасы” Ричард Майлз отставкадан чакыртып алынып Кыргызстанга убактылуу элчи болуп дайындалышы, Кыргызстан да Американын “кара тизмесине” түшкөндүгүн о.э. “Манас” эл аралык аэропортунан чыгарып жиберилгени үчүн АКШ “кек” сактап келе жаткандыгын түшүндүрүп тургандай. Алдыда болсо өкмөттүн тынчын алган жаз жакындап келе жатат.
Туркистон:
Кыргызстанда эки жолу мамлекет башчыларынын төӊкөрүшү болуп өттү. Бирок, бир жолу да революция же элдик козголоӊ болгон жок.
Элдик козголоӊ же ынкылаптык жүрүш, мисал катары айта турган болсок, Украинада болду. Ал жерде эл өз дүйнөкарашы негизинде жашоону каалап, Европа стандарттары тарапкечтери жана россиячыл жикчилдер болуп бөлүнүп кетишти.
О.э. Сирияда да элдик нааразылык нааразылык козголоӊу болуп жатат. Ал жерде куфр баалуулуктары жана системасы негизинде жашоону каалагандар менен исламий система (Мабдаъ) негизинде жашоону каалагандардын ортосундагы күрөш уланып жатат. Кыргызстанга Ричард Майлзды жиберген АКШ козголоӊ уюштурса кайсы багыттан пайдаланат болду экен? Кыргызстандын коопсуздук түзүмүн ушул нерсе кызыктырбайбы?
АКШ же, алардын тили менен айтканда, “үчүнчү күчтөр” Кыргызстан коопсуздук түзүмү алар үчүн даярдап берип жаткан ар бир каталардан пайдаланышат. Каталар болсо өтө эле көбөйүп бара жатат. Мисалы, экономикалык зулумдарды айтпасак да болот, себеби, алар системанын каталыгы жана ошонун натыйжасынан келип чыгышы анык болгон коррупциянын тамыр жайып кеткенине бекем байланышкан. Бул проблемаларды азыркы абалыбызда дээрлик чечүүгө болбойт. Бирок, ушуну т.а. чечип болбой турган проблемаларды жаап-жашыруу максатында, коопсуздук түзүмү жана кыргыз өкмөтү тарабынан Ислам менен мусулмандарга карата багытталып жаткан адилетсиз саясат жүрүп жатат. Бул аракеттер АКШ сыяктуу үчүнчү күч болгон мамлекеттер үчүн өтө пайдалуу болушу анык. Алар Кыргызстан Сирия да, Украина да эместигин жакшы билишет. Бул жерде эки ыкманы теӊ т.а. Украина жана Сирия ыкмаларын багыттоо мүмкүн экендигине жана кайсы бири жакшы тутанышына карай өз кызыкчылыктарын көздөй ошол тармакка туйгуландыруу менен жардам берип жиберүүнү пландаштырышат.
Проблеманын чечими барбы? Чечим бар, ал үчүн Кыргызстан мусулмандарды экиге бөлүү саясатын токтотуп, тескерисинче, аларды бириктирүүгө аракет кыла башташы керек. Башыбызга тынымсыз түшүп жаткан проблемалардын негизин ачык баяндап, мусулмандардын биримдиктерин пайдалануу менен аларды жогорудагы үчүнчү күчтөрдүн ыпылас чакырыктарына каршы турууга чакыруу керек. Себеби, учурда Кыргызстанда эң чоӊ күч мусулмандарда экендиги танып болбой турган акыйкат. Ушул күчтөн үчүнчү күчтөр пайдаланып кетүүнүн астында турат. Өкмөттүн коопсуздук түзүмү ката кетирип жатат. Үчүнчү күч болсо, бул каталарды дагы да күчөтүү үчүн, ар түрдүү исламий күчтөр коркунучун таркатып турушат.
Бул исламий чөйрө ушунчалык күчтүү дейсиӊ, андан дос катары пайдаланса, ар кандай душманга калкан боло алат. Эгерде душман кылып алынса, ар кандай күчтү талкалап таштайт. Муну биз тарыхта көп жолу көргөн болсок, учурда да көрүп жатабыз. Кыргыз өкмөтүн, эгерде анда соо-саламат пикирлей турган адамдар калган болсо, калыстык кылып, дагы бир жолу мамлекеттин тагдыры жөнүндө ойлонуп көрүүгө чакырабыз. Себеби, ар бир туура эмес аракеттер натыйжасында келип жаткан балээлер, качып кетип жаткан жетекчилердин эмес, биз жарандардын башыбызга түшүп жатат.
Жогорудагы АКШ коркутуусу болсо айтпасак да бар. Муну ал тургай коопсуздук түзүмүнүн айрым кызматкерлери да билишет. Бирок, аларга каршы эч кандай чара колдоно алышпайт. Алар үчүн андан көрө мусулмандарга каршы араккет кылган жеӊил. Мусулмандарды бир тараптуу соттоп экстремист кылып алса да боло берет. Китеп окуганы үчүн же интернетте пикирлерин таркатканы үчүн камап койсо да эч ким мусулмандардын таламын талашпайт. Бирок “үчүнчү күч” коркунучу чындыгында эле өтө кооптуу болуп бара жатат.
order lasuna – buy lasuna tablets cheap himcolin pill
diclofenac over the counter – buy diclofenac order nimodipine without prescription
oral cyproheptadine 4mg – tizanidine oral zanaflex over the counter
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓі еЂ‹дєєијёе…Ґ гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ – г‚ўг‚ュテイン通販 イソトレチノイン通販