НАТО өкүлдөрү Казакстанга келүүнү пландаштырууда

317
0

“КазТАГ”дын кабар беришинче, НАТО өкүлдөрүнөн турган делегация үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Астанага келүүнү пландаштырып жатат.

Эстониянын Казакстандагы элчиси Яан Рейнхольд “Ушул жылдын биринчи жарымында Астанада НАТО өкүлдөрүн күтүп алууну о.э. жылдын экинчи жарымында биргелешкен массалык иш-чара өткөрүүнү пландаштырып жатабыз”, – деди.

О.э. Рейнхольд келечектеги жолугушууларда тараптар ортосунда өз ара ишенимге негизделген сүйлөшүүлөр болуп өтүшүнөн үмүттөнө тургандыгын билдирди. Анын баса белгилешинче, Казакстан Борбор Азия регионундагы кызматташтык, туруктуулук жана тынчтыкка чакыруу жолундагы НАТОнун активдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет.

Анын айтымында, НАТО жана Казакстандын келечектеги иш-чарасы “Тынчтык үчүн кызматташтык” программасы алкагында болуп өтөт. Бул жерде тынчтык сактоочу күчтөрдү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу туурасында сөз болуп жатат.

“Украинадагы акыркы окуялардан кийин дүйнө сезиле турган көрүнүштө өзгөрдү. Биз НАТОнун маанилүүлүгүн өнөктөштөрүбүзгө дагы да жакшыраак түшүндүрүүгө жана жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. НАТОнун ишмердүүлүгү аскерий кызматташтыкка гана негизделбешин жеткирүү керек. Коомду НАТОнун максат жана милдеттери менен тааныштыруу үчүн эң жакшы жол – бул коомдук дипломатия”, – деди Рейнхольд.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here