Талибан кыймылы Афганистанда ИШИМ командачысын колго түшүрдү

311
0

Талибан кыймылынын билдиришинче, мурда Гуантанамо туткуну болгон жана учурда ИШИМ уюмуна байъат кылгандыгын жарыя кылган ИШИМ уюмунун Афганистандагы командачысы Мулла Абдул Рауф колго түшүрүлгөн. Аны менен бирге ИШИМ уюмунун 45 мүчөсү колго түшүрүлгөн. 33 жаштагы Мулла Абдул Рауф мындан мурда Талибан кыймылынын Хелманд аймагындагы командачыларынын бири болгон.

Мулла Абдул Рауф ИШИМ уюмунун жетекчиси Абу Бакр Багдадийге байъат кылгандыгын жарыя кылып, өзүн “Афганистандагы ИШИМ уюмунун командачысы” деп тааныштыра баштаган эле. Афганистандын Хелманд аймагында өзүнүн айланасына адам топтогон Мулла Абдул Рауфтун ИШИМдин Афганистанда жайылышын күчөтүүгө чакыргандыгы айтылат.

Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Мулла Абдул Рауф Талибан кыймылынын мурдагы көрүнүктүү командачыларынын бири болчу. О.э. ал Талибан кыймылынын жогорку даражалуу “Шуро” кеңешинин мүчөсү да болгон. Ал 2001-жылы АКШ күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, Гуантанамо камагына алып кетилген. Камакка алынышынын алдында Афганистандын түндүк чыгышында жайгашкан Пакита аймагындагы Талибан күчтөрүнүн командачысы милдетин аткарып келген. Мулла Абдул Рауф Гуантанамо камагында алты жыл өмүрүн өткөрдү.

Мулла Абдул Рауф өзүн “Афганистандагы ИШИМдин командачысы” деп тааныштырганы өтө чоӊ ызы-чууга себеп болгон эле. Массалык маалымат агенттиктери ИШИМ уюмунун Афганистанга кирип барууга жетишкендиги жана ал жерде өзүнүн жаңы бөлүмүнө негиз салып, атайын командачысын дайындаганы туурасында кабарларды таркатышты.

Талибан кыймылы тарабынан колго түшүрүлгөн Мулла Абдул Рауф жана ИШИМдин 45 мүчөсүнүн тагдыры эмне болушу Талибан кыймылынын жетекчилери жана анын соттук комитети тарабынан жарыя кылынышы күтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here