Европа мамлекеттери тышкы иштер министрлеринин ортоктош чечимине ылайык, учурда Россияга карата колдонулуп жаткан санкция дагы алты айга уланат. Европа союзу жаңы санкцияларды колдонуу же колдонбостук туурасында чечим кабыл алган жок. Бирок, Голландиянын тышкы иштер министри Берт Кундерс, Европа союзунун Россияга карата киргизген санкциясын узартуу туурасында токтом кабыл алынгандыгын бирдирди. Өз кезегинде Россия да бул санкциялар жоопсуз калбастыгын айтып келет.
АКШнын финансы министри Жейкоб Лью Украина президенти Петро Порошенко менен Киевдеги жолугушуусунда АКШнын Украина жаатындагы позициясын билдирди. Жейкоб Льюнун айтымында, АКШ өкмөтү Украина чыгышындагы келишпестикти Минск келишимине ылайык дипломатиялык жол менен чечүүнүн тарапкечи. Болбосо Америка Россияга карата басымды күчөтүү үчүн жаңы кадамдарды ташташы мүмкүн.
Жейкоб Льюнун билдиришинче, кийинки аптада АКШ конгресинде карап чыгыла турган Американын бюджет долбооруна кошумча катары Украинага жардам берүү пункту да карап чыгылат. Вашингтон менен Киев ортосунда эки миллиард доллар кредит берүү боюнча келишим бар.
Шаршемби күнү Украина президенти Петро Порошенко АКШ вице-президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Украина президентинин сайтында жазылышынча, телефон аркылуу сүйлөшүүдө Байден “Украинанын чыгышындагы кырдаал улана берсе Россияга карата санкциялар дагы да күчөтүлүшү мүмкүн” деп айткан.
АКШнын вице-президенти, Россия өзүнүн тынчтык келишими жөнүндөгү милдетин ачык эле бузуп жаткандыгын кошумчалады.