УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ДА ӨЗБЕКСТАН ЖАРАНДАРЫН КУУГУНТУКТАП ЖАТАТ

284
0

Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы чет өлкөдө да, айрыкча Россияда Өзбекстандын жарандарын куугунтуктап жатат. Россиядан мекенине кайткан өзбек мигранттарын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери дароо тергөөгө чакырышы адаттагы көрүнүшкө айланып калган. Алардан чет өлкөдө ким менен бирге болгондугу, кайсы жерлерге баргандыгы жана кайсы мечитте намаз окугандыгы абдан суралат.

Алынган маалыматтарга ылайык, учурда 3,5 миллион өзбекстандык жумуш издеп Россияга кеткен. Өзбек жооптуулары биометрикалык паспорт алууну шылтоолоп же мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө басым өткөрүү жолу менен алардын кээ бирлерин Өзбекстанга кайтууга мажбур кылышат. Алар мекенине кайтып келгенден кийин болсо, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан сүйлөшүүгө чакырылышат. Сүйлөшүү маалында Улуттук коопсуздук кызматы Россиядагы тыңчылары жардамында алынган маалыматтарга таянып, алардын кимдер менен жүргөндүгүн жана кайсы мечитке барып намаз окугандыгын айтып берет.

Укук коргоочу активист Абдуссалим Эргашов Өзбекстандан келген тыңчылар орус кесиптештери менен кызматташтыкты ого бетер күчөтүп жатканын жана мүмкүн болушунча ар бир эмгек мигрантынын артынан күзөтүүнү күчөтүү үмүтүндө экендигин билдирди.

Укук коргоочу: “Соӊку кездерде Россия менен Өзбекстандын жашыруун кызматтары бул тармакта кызматташтыкты күчөтүштү. Бизге жетип келген маалыматтарга ылайык, Москвадагы мечиттерде жашыруун камералар орнотулган. Намаз окуу үчүн келгендер камерага түшүп калышат. Андан кийин эки мамлекеттин тыңчылары өздөрүндөгү маалыматтарды бөлүшөт”, деди.

Кечээ күнү Россия президенти Владимир Путин Өзбекстанга сапар кылып президент Ислам Каримов менен жолугушканда ортодогу негизги тема “радикал Ислам”га каршы күрөшүү туурасында болду. Кырдаал барган сайын туруксуз болуп бара жатканын, ошондуктан коркунучтарга каршы биргелешип жооп кайтаруу керектигин билдирген Каримов Путинден бул жаатта жардам сурады.

Каримов жолугушуудан кийин берген билдирүүсүндө: “Күн өткөн сайын кеңейип бара жаткан терроризм, согушкер экстремизм жана радикализм коркунучу, шексиз, Борбор Азия регионунда түздөн-түз же кыйыр түрдө өз көрүнүшүн табууда. Россиянын Борбор Азияда бар болуп турушу, шек-күмөнсүз, тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун, карасанатай наркотрафик, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана башка проблемалардын жолун тосуунун маанилүү фактору болуп эсептелет”, “Россия Орто Азиядагы туруктуулук үчүн кепил боло алат. Радикал Исламга каршы күрөштө бизге жардам берет”, – деди.

Өз кезегинде Владимир Путин да региондун ири мамлекети болгон Өзбекстан Россиянын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экендигин жана Россия региондогу кырдаалга кайдыгер болбостугун билдирди.

Туркистон:

Россия Өзбекстанга басым өткөрүү рычагдарынан дээрлик кол жууган. Ал тургай, мигранттар проблемасы да учурда Өзбекстанга караганда көбүрөөк Россиянын проблемасы  болуп барууда. Демек, Россия Өзбекстанга саясий, экономикалык, сакофий, аскерий же башка бир тармак аркылуу басым өткөрө албайт. Путин Каримовду ыраазы кылуу үчүн, ондогон жылдар бою өзбек расмий тыӊчылары үчүн өз аймагын кеӊири ачып берүү жана керек болсо алар менен бирге жашыруун кызматташуу иштерин алып барууда. Бул нерсе Россияда жүздөгөн мусулмандардын кайып болуп кетишинде жана кийинчерээк алардын өзбек камактарында пайда болуп калышында даана көрүнөт. Ушулардын бардыгы Каримовду ыраазы кылуу, же болбосо, кээ бир раъйларына аны ыраазы кылуу максатында кылынат. Мисалы, Путин Өзбекстандын 900миӊ доллардык карызын кечип жиберди. Бирок, бул карыз болгону символикалык документтерде гана жазылган болуп, Каримовдун бул акчаны төлөө ниети да жок эле.

Путин Өзбекстанга сапар кылганда, терроризм коркунучу жана аны жоготуу проблемасына басым жасады. Режимдин бул кызыгуусу, оболу Өзбекстан ушул жылы ШКУ уюмунда терроризм маселесинде жетекчилик кылып жаткандыгынан деп каралса да, түпкүлүгүндө, Россияны өзү үчүн башбаанек кылып алышты деп күмөн кылынган Өзбекстандык саясий качкындар бар экендигинен жана алар эртеби-кечпи албетте өз өлкөсүнө кайтышы мүмкүндүгүнөн келип чыгуучу тынчсызданууга барып такалат. Алар Россияда эркин чакырыктарды жүргүзүп, өзбек режими үчүн өтө чоӊ исламий саясий проблемаларды пайда кылуу коркунучу бар деп күмөн кылышат. Ошондуктан, учурда Россиядан Өзбекстанга кайтып жаткан жарандарын бир-бирден катуу текшерүү жана ал тургай, алар байланышкан адамдарды да аныктоого аракет кылуу иштери күчөтүлгөн.

Демек, Россия жана Өзбекстан кызматташтыгы уланат. Алар исламий шахсияларды эле эмес, балким, өздөрү үчүн ыӊгайсыз болгон адамдарды ар түрдүү жолдор менен изоляция кылуу иштерин жүргүзүшөт. Бирок, бул операциялар, көӊүл буруп жаткан болсоӊуздар бир тараптуу, жалаӊ гана Өзбекстан үчүн ыӊгайсыз болгон адамдарды жок кылуу менен барууда. Мисалы, Кыргызстанда Рафик кары Камалов жана журналист Алишер Сайипов атып өлтүрүлдү. Швецияда Абид карыга кол салынды. Түркияда болсо Абдуллах Бухарий атып өлтүрүлдү. Рашат кары Камаловго кол салуу максатында келген деп күмөн кылынган адам колго түшүрүлдү жана соттун өкүмү менен айыптуу деп табылып камалды. Абдували кары бүтүндөй жок кылынды. Россияда жүздөгөн өзбекстандык Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрү болгон мусулмандар дайынсыз жок кылынган болсо, дагы ошончосу өзбек камактарында пайда болуп калышты.

Булардын бардыгы – көӊүл буруӊуз – Россиянын жардамы менен жана Каримов режиминин кызыкчылыктары үчүн ишке ашырылууда. Бул канкорлуктар, ушул операцияларга уруксат берип жаткан мамлекет башчылардын ыраазылыгы менен ишке ашырылып келет. Мисалы, Рафик кары Камаловду жана Алишер Сайиповду Кыргызстанды ошол кезде башкарып жаткан Бакиев режиминин Россияга белек катары бериши жана Өзбекстан коопсуздук күчтөрү аны өлтүрүп кетиши жогорудагы Путин Каримовго канкордук жолдорун ачып берет деген пикирибизге далил боло алат. Абдуллах Бухарийдин өлүмү да кудум ошол көрүнүштү эске түшүрөт. Болгону, бул канкордук Түрк өкмөтүнүн Россия башчысына кылган белеги негизинде ишке ашырылгандай.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here