КӨБӨЙТҮЛГӨН АЙЛЫК АКЫЛАР КОЛГО ТИЙЕ ЭЛЕГИНДЕ САЛЫКТАР КӨТӨРҮЛДҮ

332
0

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун буйругуна ылайык 2014-жылдын 15-декабрынан баштап айлык маяна жана жөлөк пулдар көлөмү дагы бир жолу көбөйтүлгөнү жана кабыл алынган бул токтом да адаттагыдай эле,  “республика калкынын кирешелерин жана жашоо деӊгээлин дагы да тынымсыз көтөрүп баруу, жарандарга социалдык колдоону күчөтүү максатында” кабыл алынганы о.э. эӊ төмөнкү айлык маяна  айына 118 400 сом, жашы себептүү берилүүчү пенсиялар  айына 231 575 сом, тубаса майыптарга берилүүчү жөлөк пул  айына 231 575 сом кылып белгиленгени кабарланган болчу.

Бирок, айлык маяна көтөрүлүшүнө Өзбекстан калкы таптакыр кубанбай калганына көп жыл болду. Себеби, көтөрүлгөн айлык маяна же жөлөк пул ээлеринин колуна жетип келе элегинде базарлардагы баалар, төлөмдөр жана салыктар көтөрүлөт.

Бул ирет да өкмөт өз адатына тескери иш кылбады. Кечээ күнү президенттин токтому менен 2014-жылдын 1-январынан баштап 1 литр бензин жана дизел отуну үчүн керектөө салыгы 25 сомго көтөрүлгөн болчу. Эми болсо 1-январдан баштап киреше салыгы да көтөрүлгөнү кабарланды. Жогорудагы токтомго ылайык, жеке жактарга салынуучу салыктын көлөмү эӊ төмөнкү айлык акынын беш эсесине (118.400 сомдон 592.000 сомго чейин) болгон кирешеден 8,5 пайыз кылып белгиленди. Ушул кезге чейин колдонулган мыйзамга ылайык, жарандар 7,5 пайыз киреше салыгын төлөшөт эле. Мындан тышкары, жарандардан бюджеттен тышкары пенсиялык фондго өндүрүлүүчү мажбурий камсыздандыруу төлөмү да көтөрүлүп, эми жарандар 6,5 пайыздын ордуна 7,7 пайыз төлөй турган болушту.

Өкмөт кеӊ-пейилдик кылып, эӊ төмөнкү айлык маяна көлөмүнөн азыраак айлык ала тургандарга киреше салыгын салбады. Демек, Өзбекстандын жараны качан жакыр жана бир сындырым нанга зар болуп жашаса гана салык төлөбөй турган болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here