Нефтинин арзандашы АКШ үчүн эки тараптуу пайда келтирүүдө

258
0

Өткөн июнь айында 115 долларга чыккан нефтинин баасы бүгүнкү күндө өтө арзандап кетти. Бир баррель нефть бүгүнкү күндө 65 долларга түштү. Бул акыркы беш жылдын ичинде нефтиге берилген эң төмөнкү баа. Ушундай кетишинде болсо, нефтинин баасы 35 долларга түшүп кетиши болжолдонууда.

Нефть баасынын түшүп кетүү себептери бардыгынын көӊүлүн буруп, мунун артында турган мамлекеттер туурасындагы кээ бир ишаралар ортого чыкты. Ушул тармак боюнча адистердин билдиришинче, нефть баасы түшүп кетишинин артында эки мамлекет турат. Булардын бири булуӊ мамлекеттери арасында нефтиге бай Сауд Арабиясы болсо, экинчиси дүйнө лидерлигин дааба кылып жаткан Америка.

Адистердин айтымында, дүйнөдө лидерликти дааба кылып жаткан Америка мамлекети бир ок менен менен эки коёнду атуу көрүнүшүндө иш жүргүзүүдө. Украина туурасында АКШ менен да, Европа менен да карама-каршылыкка түшүп калган Россиянын кан тамырларын кесип таштоону каалаган Америка нефтини арзандатуу менен эки тараптуу кызыкчылыкка ээ болуу ниетинде.

Кирешесинин чоӊ бөлүгүн энергия булактарын сатуудан таба турган Россиянын экономикасына олуттуу сокку берүүнү каалаган Америка өз максатына жетүү менен бирге өзүнүн тунгуюкка кептелип калган экономикасын арзан нефти менен бир аз тикелеп алуунун аракетинде. Себеби, АКШ экономикасы мындан өтө чоӊ пайдага ээ болууда. Адистердин баса белгилешинче, нефтинин арзандашы АКШ экономикасы үчүн өтө пайдалуу болууда. АКШ бир күндө 11 миллион баррель нефтини кайрадан иштетип чыгарат. Ошол эле убакта 18 миллион баррель нефть продукциясын керектейт. Т.а. бул бир күндө 7 миллион баррель нефть сатып алат дегени. Демек, нефтинин арзандашы кризистен кутулуу жолун издеп жаткан АКШ экономикасы үчүн өтө чоӊ жардам милдетин өтөйт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here