СТЕВАРТ: БУУ ЖАНА ЕВРОПАНЫН МЫНДАЙ КЫРГЫНГА УРУКСАТ БЕРИШИНЕ ИШЕНБЕГЕН ЭЛЕМ

257
0

28 жылдык аскерий кызматынан кийин отставкага чыккан Англиялык мурдагы командачы Боб Стеварт англис депутаттар менен Босния-Герцоговина борбору Сарайбосниядагы Серебреница эстелик галереясын зыярат кылып жатып, тарыхтагы аянычтуу күндөрдү эскерди.

Боб Стеварт 1992-1995-жылдарда Босния мусулмандарына карата жырткычтык кыргындар жана массалык кыргындар ишке ашырылган кезде БУУнун тынчтык миссиясына караштуу Англия батальонуна командачылык кылган. Ал 1993-жылы 23-апрелде Ахмижи кыштагында жырткычтык менен ишке ашырылган массалык кыргындан кийин кыштакка биринчи болуп кирген чет өлкөлүк аскерий.

Босниялык бейкүнөө адамдардын жырткычтык менен өлтүрүлүшүнө күбө болгон отставкадагы англис офицери Боб Стеварт: “Өмүрүмдүн ар бир күнүндө Ахмижи менен бирге жашаймын. 1993-жылы 23-апрелде Ахмижи кыштагына киргенимде көрүп турган көздөрүмө ишенбедим. Ал көргөндөрүмдү таптакыр унута албаймын”, “Ахмижи массалык кыргыны кайрадан кайталанбасын деп дуба кыламын”, – деди.

“Хирват” коргоо кеңешине караштуу атайын күчтөр 1993-жылы 23-апрелде Витез шаарына жакын жайгашкан Ахмижи кыштагына чабуул кылып жүздөн ашуун бейкүнөө адамдарды кырып таштаган эле. Алардын арасында жаш бөбөктөр, муслима аялдар жана сексен жаштан өткөн карылар да жырткычтык менен өлтүрүлгөн эле.

БУУнун тынчтык миссиясында командачы милдетин аткарган, айрыкча БУУнун катышуусунда массалык кыргын ишке ашырылган Серебреница шаарында да кызмат кылгандыгын айтып өткөн Стеварт сөзүн улантып:

“Биз оболу Серебреницада элек. Бир аз өтүп ордубузга канадалыктар келди. Андан кийин голландиялыктар келишти. Мунун артынан Серебреницада ырайымсыздык менен, адамзат көтөрө албай турган кыргын ишке ашырылды. 8 миӊге жакын адам өлтүрүлдү. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болуп көрбөгөн массалык кыргын ишке ашырылды”, “БУУ жана Европанын мындай кыргынга уруксат беришине ишенбеген элем”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here