Индиянын түндүк-чыгышында жайгашкан Ассам штатында куралданган бутпараст террорчулар мусулмандарга чабуул кылышты. Бутпарастардын чабуулдары натыйжасында мусулман калктын арасында өтө көптөгөн жоготуулар жүз берди. Индия полициясы чыгарган билдирүүдө айтылышынча, мусулмандар жашаган кварталга уюштурулган чабуулда 56 мусулман түрдүү көрүнүштө өлтүрүлгөн.
Франция маалымат агенттигинин кабар беришинче, Генерал Синг Индиянын Ассам штатында жүз берген кагышуулар жөнүндө билдирүү берген. Жогорку даражалуу полиция офицери мусулмандар жашаган Кокражхар жана Сонитпур аймагында 5 жолу чабуул уюштурулгандыгын о.э. чабуул убагында өлтүрүлгөндөрдүн арасында аялдар менен жаш балдар да бар экендигин ачыктады. Генералдын айтымында, көптөгөн адамдар ар түрдүү жарааттарды алышкан. Өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү туурасында тынчсыздануулар бар.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Индиянын Буда уруусу Ассам штатында азчылыкты түзгөн түпкү келип чыгышы Бангладештик мусулмандардан 11 адамды, ошонун арасында алты аял жана бир жаш баланы жырткычтык менен өлтүргөн эле.
О.э. ушул жылдын жай мезгилинде да Буда уруусунун куралдуу согушкерлери Ассам штатынын мусулмандарына каршы чабуул кылышынын натыйжасында 73 мусулман өлгөн эле. 400 миӊден көбүрөөк мусулмандар Буда уруусунун экстремист согушкерлеринин чабуулдарынан коркуп үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Буда уруусу мусулмандарга кутуруп чабуул кылууну илгертеден бери улантып келет. Өкмөт болсо көрмөксөн болуп тура берет. Мисалы, 2012-жылы мусулмандарга каршы куралдуу чабуулдарды ишке ашырып жүздөгөн мусулмандарды аёосуз кыргын кылды.
Акыркы кездерде Индиянын Ассам штатында мусулмандарга карата Буда уруусунун чабуулдары күчөп барууда. Ушундай абалда Ассам аймагында жашаган калктын талаптарына карабастан, ошол аймакта жашаган мусулмандарды коргоо үчүн Индия мамлекети ал жерге армияны же коопсуздук күчтөрүн жөнөткөн эмес.