Исламий турмушту кайрадан баштоо үчүн пикирий жана саясий иш-аракет жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү бүт дүйнөдө, ошону менен бирге Түркияда да сот зулумунан азап тартууда. Ошол себептен улам өздөрүн “Сот зулумуна каршы мусулман жаштар биримдиги” деп атаган активист жаштар жаңы бир чакырык менен чыгышкандыгын социалдык тармактар аркылуу жарыя кылышты. Алар коомдук жайларда, айрыкча мечиттерде мусулмандарды биригүүгө чакырып, мусулмандар үстүнө түшүп жаткан зулумдарды жок кылуу үчүн көпчүлүк жаштардын көӊүлүн өздөрүнө тартууга жана көчөлөргө алып чыгууга жетишишти.
Алардын чакырыгына лаббей деп жооп берген мусулмандар өз боордошторун сот зулумунан азат кылуу үчүн жогорку соттун имаратынын алдына чогулушту. Ал жерде Хизбут-Тахрир уюмунун активисттеринин бири Мухаммад Ханафий мусулмандарга карата ишке ашырылып жаткан зулумдар туурасында билдирүү жасады.
Мухаммад Ханафий: “Жогорку сот мекемеси тарабынан чыгарылып жаткан токтомдор жана алар иштеп чыгып жаткан мыйзам-эрежелер бүгүн бул жерде, жогорку соттун имаратынын алдында чогулушубузга себеп болууда. Бул токтомдор себептүү узак жылдарга камалган мусулмандардын муӊун үммөткө уктурууну каалайбыз”, – деди Ханафий.
Кылмыш иштери боюнча жогорку сот Исламий даабалар, айрыкча Хизбут-Тахрир мүчөлөрүнө коюлган даабаларга карата, ал тургай укуктук негиздерге да туура келбей турган көрүнүштө мыйзам-эрежелерди иштеп чыккандыгын сындаган Ханафий өкмөт бул акыйкатсыздыкты тезинен токтотушу керектигин баса белгиледи.
Устаз Ханафий: “Өкмөт мусулмандарга карата ишке ашырып жаткан бул акыйкатсыздыктарды дароо токтотушу жана бул балээден кутулушу керек. Жогорку сотко жаңы мүчөлөрдү дайындоонун өзү жетиштүү эмес. Жогорку сот бүгүнкү күнгө чейин кабыл алган бардык токтомдорун карап чыгышы жана карамүртөз түшүнүктөр өзгөртүлүшү зарыл. Анткени, кеч калган адилеттүүлүк, эч качан адилеттүүлүк болуп эсептелбейт!” – деди.