АКШ БҮТ ДҮЙНӨНҮ РОССИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДАН БАШ ТАРТУУГА ЧАКЫРДЫ

264
0

Расмий Вашингтон дүйнөдөгү мамлекеттерди Москва менен кызматташуудан баш тартууга чакырып, Россия менен түзүлүп жаткан жаңы келишимдерди күзөтүп жаткандыгын эскертти.

АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псаки Вашингтондо болуп өткөн брифингде: “Биз мурункудай эле бардык мамлекеттерди Россия менен соода кылбастыкка чакырабыз”, – деди жана Вашингтон Москванын жаңы келишимдерин күзөтүүнү улантып жатканын кошумчалады.

“Бул сөздөр Россияга каршы колдонулуп жаткан санкцияларга дүйнө мамлекеттерин да кошулгула деген чакырыкпы”, – деген суроого “жок” деп жооп берген Псаки: “Кырдаалды эсепке алуу менен” бүгүнкү күндө Россия менен адаттагыдай иш алып баруу керек эмес”, – деди.

Жен Псакинин бул билдирүүсү Россия президенти Владимир Путиндин кечээ күнкү Индияга болгон сапарынан кийин жаӊырды. Ошол сапардын алкагында Индия менен Россия ортосунда 16 документке кол коюлду. Кол коюлган документтердин катарында “Куданкулам” АЭСинин үчүнчү жана төртүнчү блокторун куруу туурасындагы келишим да бар.

Брифинг маалында Жен Псаки Индияны АКШнын “маанилүү өнөктөшү” катары баалап, Дели жана Москва ортосундагы кызматташтык Барак Обаманын Индияга пландаштырылган сапарына тоскоолдук кылбастыгын баса белгиледи.

 Туркистон:

 АКШ чегинен чыгып бара жатабы, же чындап эле дүйнөлүк коомчулук анын кызыкчылыгы үчүн өз кызыкчылыктарынан баш тартып жибере турган даражада ага көз каранды болуп калдыбы?

Россия тарыхта Асад, Мубарак, Каззофий Саддам сыяктуу диктаторларго курал сатып келген. О.э. башка жашыруун экономикалык мамилелерди да жүргүзүп келген. Ал Хизбулла сыяктуу АКШнын террористтик тизмесинде турган жамааттарга жардам бериб келет. Иран менен ядролук энергетикалык алакаларынан тышкары Сирия маселесинде АКШнын кээ бир чараларына каршы чыгууга батынган эле. Россия Афганистанда Талибан өкмөтүнө каршы бир нече согушкер жамааттарды ачыктан-ачык колдоп келгени эч кимге жашыруун эмес.

Эмне үчүн эми Украина маселесинде ага каршы олуттуу чаралар колдонула баштады. Көӊүл бурган болсоӊуз, бул чаралар өтө сезиле турган натыйжаларга карай бара жатканын көрөсүз. Россиянын жакында – иштер ушундай улана берсе – олуттуу проблемаларга дуушар болушу анык. Демек, ал ушул абалынан чыгуу үчүн АКШнын талаптарына жүрүүгө мажбур болушу мүмкүн.

Суроо пайда болот, эмне үчүн жогорудагы эл аралык басым өткөрүү чараларын, Россия Сирияда миӊдеген күнөөсүз адамдардын, ошону менен бир катарда жаш балдардын өлүмүндө Асадды колдоп-кубаттап жатканында пайдаланбады. АКШ ошондо Россияга улуу мамлекет сыяктуу мамиле кылып, ал койгон бардык ветолорду катуу эсепке алып, анын жанында колдоп турган Кытай жана Иран сыяктуу өзүнө караштуу мамлекеттердин да Россия менен болгон алакаларына сокку берген эмес эле.   

Демек, АКШ эл аралык саясатта жападан-жалгыз жетекчи мамлекетке айланды. Россия болсо тескерисинче, алсыз агрардык мамлекеттердин даражасына карай кулап барууда. АКШ ар кандай мамлекеттин жалаӊ өз кызыкчылыктары тарапка багытталып жаткан аракеттерин гана колдоп-кубаттайт. Ошондо ал аларды өз абалына таштап коёт же тымызын колдоп жиберет. Иран, Түркия…. сыяктуу кээ бир мамлекеттер өз аракеттерин АКШнын кызыкчылыктарына үндөш алып бара жатканын жашыруу максатында билдирүүлөрдү берип АКШга пикирий каршы экендиктерин көрсөтүшөт.

Россия акыркы кездерде Түркия, Кытай жана Индия сыяктуу бир нече багыттардагы геополитикалык абалын оӊдоого катуу аракет кыла баштады. Бул болсо, албетте АКШны тынчсыздандырат. Ал албетте ошол мамлекеттерге басым өткөрүү рычагдарынан пайдаланып, Россиянын пландарын бузууга аракет кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here