РОССИЯНЫН “ГАЗПРОМ” ИШКАНАСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ КАЙРАДАН ГАЗ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ БАШТАДЫ

315
0

Туркистон:

 Апрель айында “Газпром” Кыргызстандан “Кыргызгаз”дын 100% акциясын сатып алган эле. Сатып алуу келишими күчүнө кириши менен Өзбекстан Кыргызстанга жеткирип берип жаткан газ куурларын жаап койгон. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын түштүк аймагына Өзбекстандан келүүчү газ токтоп калган эле.

Кыргыз өкмөтү бир жолу болсо да “Газпром”ду айыптап, бул проблеманын пайда болушуна анын катыштыгы бар экендиги же жоопкерчилиги туурасында айтпады. Өкмөт да бул проблемада өзүнүн айыбы бар экендиги туурасында эч кандай билдирүү берген жок. Атамбаев жылдык маалымат жыйынында “Өзбекстандан газ өндүрүү Россиянын проблемасы, ошондуктан, ал Кыргызстанга келе турган газ маселеси боюнча Каримов менен сүйлөшүп жатат” деди.

Россия Өзбекстанда 2002-жылы “Узбекнефтгаз” менен “Газпром” ортосунда келишим түзгөндөн бери иштеп келет. Ал 2006-жылы Өзбекстанда жер астындагы газ запастарын издеп табуу туурасында келишим түзгөн. “Газпром” менен Өзбекстан 2013-жылдан 2015-жылга чейин Өзбекстандан газ сатып алуу жана анын аймактарына газды транспортировка кылуу туурасындагы келишимге 2012-жылы кол койгон.

Демек, 2014-жылы Россия 2012-жылдагы келишим негизинде Кыргызстанга жаңы куур тартышы, же эскисин сатып алышы, же убактылуу иштетип турушу мүмкүн болгон. Эмне үчүн ал Кыргызстанды ушунча убакыт кыйын абалда кармап турду. Эмне үчүн бүгүнкү күнгө келип, ал тургай, кыргыз өкмөтүн эскертип да отурбастан, кудум сюрприз сыяктуу проблеманы бир заматта чечип койду. Атамбаев ушул күндөрдөгү маалымат жыйынында: “Эмдиги жылга чейин сабыр кылгыла, эмдиги жылдан баштап өзүбүздүн газыбыз болот. Ага чейин газ болбойт”, –  деген эле. Демек, Атамбаевдин бул процесстерде катышы жок. Ал тургай, ал “Россия кааласа Өзбекстан газ берет” деген мурунку ишенимдерин да жоготуп болгон эле.

Тыянак кылып айта турган болсок, Кыргызстандын сегиз ай газы жок калышы Россиянын өз максаттарынан келип чыгып, атайылап уюштурулган. Ал биздин башыбызга түшүп жаткан бардык оор абалдарыбыздан өз максаты жолунда пайдаланып келет. Ал тургай, кээ бир проблемаларды анын өзү жасалма жол менен уюштурат.

Жогорудагы абалдар да Кыргызстандагы Бажы биримдигине мүчө болуу же мүчө болбостук маселеси катуу талкуулана баштаганынан жана бул биримдик Россиянын гана кызыкчылыгы үчүн болуп жатканы туурасындагы пикирлер үстөм боло баштаганынан келип чыкты. Кыргызстан жетекчилери муну ачык моюнга алышып, ал тургай, министр Сариев да “биримдикке кошулбасак нефть кымбаттайт же таптакыр келбей калат, мигранттар маселеси проблемага айланат” деген маанидеги кооп-коркунучтарды айта баштады.

Россия калган колонизаторлор сыяктуу эле өтө ачкөз жана жырткыч өнөктөш. Ал Кыргызстанда эки жолу революция уюштурду. Эки жолу улуттар аралык согуш чыгарды. Миӊдеген адамдар өлдү. Абхазия, Карабах, Сербия, Чеченстан жана Украинада миңдеген адамдар куугунтукталышты. Сирияда да Асаддын жырткычтыктарында ал менен жанма-жан туруп, жүз миңдеген мусулмандардын өлтүрүлүшүнө жардам берип келет.

Атамбаев өзүнөн мурункулар алып келип койгон алсыз абалды мурас кылып алды. Кыргызстандын таасири өтө алсыз. Бирок, эл деген бул кудуреттүү күч. Аны пикирий жетекчиликти туура жолго салуу менен тарбиялай алсак гана биз дагы кайрадан өз таасирибизди кайтарып алышыбыз мүмкүн. Болбосо, Россия сыяктуу башка таасирдүү мамлекеттер бизди тебелеп-тепсөөнү уланта беришет. Учурда Россия эле эмес, өзүбүз сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттери болгон кошуна мамлекеттер да бизге коркунуч келтире башташты. Биз болсо, жогоруда айтканыбыздай, Россия нефть жана газды бизге басым өткөрүү куралы кылып алганын билип туруп, айыпты өз мойнубузга алууга мажбур боло беребиз.

Кыргызстандын башына түшүп жаткан же түшүп келе жаткан жаңы проблемалардын бардыгы бир гана чечимге барып такалат. Проблема, калк менен мамлекет ортосундагы жасалма пайда кылынып жаткан жараканын кеӊейишинде. Проблеманын чечими, ошол жараканы кичирейтүү аркылуу ишке ашат. Бүгүнкү күндө бул жарака, 90% дан ашык жараны  мусулмандар болгон Кыргызстан мамлекетин атайылап исламий согушкерлерден коркутуу операциясы аркылуу, өкмөттү өз калкына каршы коюу менен ошол жарака кеӊейтилүүдө. Ушулардын бардыгы Кыргызстан мамлекетинин кызыкчылыктарына тескери көрүнүштө атайын уюштурулууда.  Бул абалдын улана бериши Кыргызстанды порох салынган бочкага айландырып бара берет. Натыйжада биз кутулуу максатында алып барган иштерибиз менен дал ошол коркуп жаткан кырдаалдарды пайда кылып алабыз.

Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмүнүн жетекчиси.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here