РОССИЯ БОРБОР АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ДАГЫ БИР ЖОЛУ “КОРКУНУЧТАН” ЭСКЕРТТИ

271
0

АКШ башчылыгындагы колонизатор мамлекеттер исламий өлкөлөрдү өзүнүн таасири астында кармап туруу үчүн ойлоп тапкан “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы күрөшүү маселеси бүгүн Россиянын борбору Москва шаарында болуп өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши жыйынынын негизги темаларынан болду.

Жогорудагы жыйында сөзгө чыккан РФ президенти Владимир Путин ЖККУга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин саммити дүйнөдөгү кырдаал олуттуу өзгөрүп жаткан, эски проблемалар курчуп жаткан оор абалда өтүп жатканын белгилеп өттү.

Путин: “А бирок, өкнүчтүүсү, жаңы проблемалар да пайда болууда, глобалдык коопсуздук түзүмдөрүндө өзгөрүүлөр жүз берип жатат. Булардын бардыгы ЖККУга мүчө мамлекеттерден зарыл болгон чараларды көрүүнү талап кылат. Уюм ушул маселелерди чечүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ”, – деди.

О.э. уюмдун ишмердүүлүгү багыттарынын бири Афганистан менен жакын алакаларды жолго коюу экендигин жана ал жерден эл аралык күчтөрдүн чыгып кетиши бүтүндөй регион үчүн кооптуу экендигин  айтып: “Бардыгыбыз теӊ Афганистандын өнүгүшүнө кызыкдарбыз”, -деди.

“Ирак жана Шам Исламий мамлекети” уюму туурасында токтолгон Путин террорчу жана экстремисттик топтор Борбор Азияда өз таасирин кеңейтүү үчүн аракет кылып жатканын  айтып, бүгүнкү күндө тажик-афган чегарасына көбүрөөк көӊүл буруу керектигин баса белгиледи.

Шейшемби күнү жогорудагы саммиттин алкагында Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугушкан Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу да Тажикстан менен Кыргызстанды эл аралык күчтөр Афганистандан чыгып кетишинин астында эӊ жаман кырдаалдарга даяр турууга чакырды.

Сергей Шойгу: “Эл аралык күчтөрдүн Афганистандан чыгып кетиши шартында куралдуу күчтөрүбүз ар кандай кырдаалга, ошону менен бирге эӊ жагымсыз натыйжаларга да даяр болушу керек”, – деп эскертип өттү.

Туркистон:

Россиянын Орто Азиядагы салмагы жеӊилдеп бара жатат. Ал саясий, экономикалык, сакафий басым өткөрүү рычагдарын дээрлик колдон чыгарган. Ошондуктан, Путин жалаӊ гана аскерий коркунучтарды же ызы-чууларды пайда кылып, ОДКБ сыяктуу аскерий блоктор менен келе жаткан коркунучтарга жардам бериши мүмкүн экендигин ишара кылууда. Жөнөкөй кылып айтканда, регионго бир гана аскерий таасир көрсөтө алышы мүмкүн экендигин эсепке алып, аскерий опреациялар коркунучунан эскертүүгө аракет кылууда. Максаты, Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерди таасиринен чыгарып жибербөө. О.э. Россиянын бүгүнкү абалында анын айланасындагы бардык мамлекеттер аны таштап качып кетүүнүн астында турушат. Демек, Россия бул мамлекеттерге саясий, экономикалык тараптан бүгүнкү күндө ушунчалык муктаж болуп турат. Путин аскерий коркунучтар менен аларды коркутуу аркылуу аларга Россияга дагы деле муктаждыгыӊар бар демекчи болууда. ЖККУга мүчө бардык мамлекеттерди ишин баштабай жатып кризиске дуушар болушу мүмкүн болуп турган Бажы биримдиги жана Европа экономикалык мейкиндиги уюмдарын сактап калуу үчүн аракет кылууга чакырат. Бул болсо, жогорудагы сыяктуу коркунучтардан эскертүү жана керек болсо өзү ошол коркунучтуу абалдарды пайда кылуучу операцияларды уюштуруу аркылуу болот.

Бирок, Россия ишенимдүү шерик эмес. Ал Кыргызстан менен Тажикстанды өз кызыкчылыгы жолунда жан аябастан кызмат кылууга үндөп жатканы менен алардын өлкөлөрүндө пайда болушу мүмкүн болгон кооптуу абалдар жөнүндө, ал тургай, ойлоп да койгон жок. Акыйкатта болсо, Путиндин кызыкчылыктары Кыргызстандын эле эмес, тескерисинче Россиянын кызыкчылыктарына да ылайык келбей калды. Ал өз режимин сактап калуу максатында ар нерсеге даяр болгон өтө кооптуу фигурага айланып барууда. Кыргызстан жана Тажикстан жетекчилерин мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүгө чакыруу менен аймактарда дестабилизация абалын пайда кылмакчы болууда. Бул абал ага ошол өлкөлөрдөгү аскерий базаларын жана жалпысынан аскерий аралашууну күчөтүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Башкача айтканда, ошол мамлекеттердин Россияга муктаждыгы күчөйт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here