СИРИЯДА ДАГЫ ҮЧ ЖИХАДИЙ ТОП БИРИКТИ

301
0

Сирияда Асад режимине каршы жихад кылып жаткан үч жихадий топ чабуулдун кубатын дагы да күчөтүү үчүн бириккендигин билдиришти. Бул топтор Күрт Ислам жабхасы, Ливоул Хак жана Ахроруш Шам топтору.

Ахроруш Шам тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, Исламий топтордун биригүүсүнөн максат мусулмандар ортосунда жүз берип жаткан келишпөөчүлүктөрдү жок кылуу жана Асадга каршы күрөшө турган күчтүү жамаатты пайда кылуу.

Билдирүүдө: “Күрт Ислам жабхасы, Ливоул Хак жана Ахроруш Шам топтору Аллахтын буйругуна моюн сунган абалда келишпөөчүлүктөрдөн алыс болууга, шахадат жолунда жихадды улантууга жана Сирия калкынын биримдигин көрсөтүү максатында биригүүгө токтом кылдык”, – деп айтылат.

Жогорудагы үч топтон түзүлгөн жамаат “Ахроруш Шам Ислам аракети” деп аталды. Сирияда жихад кылып жаткан куралдуу топтордун эң күчтүүлөрүнөн болуп эсептелген Ахроруш Шам тобу Халабдын кээ бир региондорун жана мамлекеттин түндүгүндө жайгашкан Идлиб регионун көзөмөлүнө алган. Ахроруш Шам тобу куралдуу жихаддан тышкары калкка жардамдарды уюштуруу жана таалим тарбия менен алектенүү сыяктуу иштерге да көӊүл бурушу менен таанылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here