РОССИЯДА 20 АДАМ КАМАККА АЛЫНДЫ

295
0

Россиянын Петербург шаарында Россиянын мамлекеттик соту тарабынан “террорчу” уюм деп жарыя кылынган Хизбут-Тахрир пикирий, саясий уюмуна каратылган кезектеги баскынчылык операциясында 20 мусулман камакка алынды.

Баскынчылык операциялары шаардын бир нече чекиттеринде бир эле убакта ишке ашырылган. Операцияда орус улуттук коопсуздук кызматынын көп сандуу тыӊчылары менен биргеликте “ОМОН” да катышкандыгы айтылууда. Баскынчылык операциялары өткөрүлгөн жерлердин арасында окуу жайлар да бар. Мамлекетке караштуу күч түзүмдөрү студенттеринин жатаканаларында да тинтүү өткөрүлгөнү айтылууда.

Туркистон:

Россия өкмөтү Хизбут-Тахрирдин Россиядагы ишмердүүлүгүнө бүтүндөй чек коюу максатында мындай баскынчылык операцияларын тез-тез ишке ашырууда. Бүгүнкү күнгө чейин орус коопсуздук кызматы тарабынан Россиядагы мусулмандарга карата өтө көптөгөн баскынчылык операциялары уюштурулду. Ар дайым жасалма айыптар токуп чыгарылууда. Анткени, мындан башка айласы жок да. Курч пикирден башка куралы болбогон калыс мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн Россия өкмөтү башка эч кандай жол таба албай жатат.

Хизбут-Тахрир Расулуллах с.а.в.дын тарыйкатына ээрчиген абалда жалаӊ гана пикирий күрөш алып барышын дүйнө жүзү жакшы билет. Бирок, Россия өкмөтү дүйнөнүн көз алдында эч бир уялбастан, Хизбдин мүчөлөрүнө каршы күрөштө “терроризм” тамгасын жабыштырып, жалган айыптоолорду коюп келүүдө. Кудум Орто Азия мамлекеттери сыяктуу. Бирок, алардын кылып жаткан иштери тескери таасирин тийгизип мусулмандардын көздөрү дагы да чоӊураак ачылышына себеп болууда. Анткени, бул иштер турмуштагы абалды өз көзү менен көрүп турган Ислам үммөтүн жакшыраак пикирлей турган жана адилеттүүлүктү издей турган кылып коюуда.

Киямуддин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here