ОБАМА «ТЕРРОРИЗМ”ГЕ КАРШЫ 1,5 МЛРД. ДОЛЛАР БӨЛҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ

260
0

Барак Обама өкмөтү АКШ конгресинен Сириянын кошуналарын жана Сирия илманий (демократия тарапкечи болгон) оппозициясын камсыздоо үчүн бюджеттен 1,5 миллиард доллар бөлүүнү талап кылды.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеӊешинин маалымат катчысы Кейтлин Хайден тарабынан чыгарылган жазма блдирүүдө айтылышынча, Обама өкмөтү АКШ конгресинен “террорго (Исламга) каршы биргеликте күрөшүү” фондунун алкагында Сириянын кошуналары болгон Түркия, Иордания, Ливан жана Иракка жардам берүү жана ошону менен бир катарда Сириядагы илманий (демократия тарапкечи болгон) оппозицияны колдоо үчүн бюджеттен бир жарым миллиард доллар бөлүүнү талап кылгандыгын билдирди. Хайден бул каражаттын 500 миллион доллары Сириядагы илманий оппозицияны машыгуудан өткөрүү үчүн жана керектүү жарак-жабдыктар менен камсыздоо үчүн талап кылынгандыгын айтып өттү.

Билдирүүдө: “Бул каражаттар Сирия калкын коргоого, оппозициялык күчтөрдүн көзөмөлү астында болгон аймактардын туруктуулугу, террор (Ислам) коркунучуна каршы күрөшүү жана жетишилген келишимдер үчүн шарттарды жаратууга кызмат кылат”, – деп келген.

Сириядагы ички согушка аскерий жол чечим болбостугуна ишене тургандыгын жана АКШ аскерлерин Сирияга алып киргизбестиги керектигине басым жасаган Хайден: “Бул талап Сирия калкынын Асаддын чабуулдарынан өзүн коргошуна, туруксуз кырдаалда өздөрү үчүн коопсуз аймактарды таап алган “Ирак жана Шам Ислам мамлекети” сыяктуу экстримист топтордун тарапкечтерин кууп чыгарууга жана коопсуздуктарын күчөтүп, келечегин өз колуна алышына жардамчы боло турган маанилүү кадам ташталгандыгын көрсөтүүдө”, – деди.

Май айында АКШ президенти Барак Обама “Террорго (Исламга) каршы биргеликте күрөшүү фонду”на 5 миллиард доллар бөлүү токтомун жарыя кылып, бул акчалар терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн бел байлаган мамлекеттерге сунуштала тургандыгын билдирген болчу. Ошондо АКШ жетекчиси бул каражаттан Сириянын кошуналары болгон Иордания, Ливан, Түркия жана Иракты колдоого алуу үчүн да жумшала тургандыгын өзгөчө баса белгилеген болчу.

Ошол эле убакта Англиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг да британия өкмөтү Асад режимине каршы күрөшүп жаткан илманий (демократия тарапкечи болгон) оппозицияга берилүүчү жардамдын көлөмүн көбөйтө тургандыгын билдирди.

Британия тышкы иштер министрлигинен чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, Уильям Хейг ушул маселеде Багдадда Ирактын президенти ал-Малики, премьер министрдин жардамчысы Солих ал-Мутлак жана башка даражалуу мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here