РОССИЯ МЕНЕН СИРИЯ ӨЗ ИШТЕРИНЕ КАНААТТАНЫШТЫ

425
8

27-28-июнь күндөрү Сирияга жумушчу сапар менен барган Россиянын тышкы иштер министринин орунбасары Сергей Рябков жана тышкы иштер министринин Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сергей Вершинин Сирия залими, канкор Башар Асад менен жолугушту.

Орус дипломаттарынын Башар Асад менен жолугушуусу маалында “жакынкы күндөрдө аяктаганы турган Сириядан химиялык куралдардын запастарын алып чыгып кетүүнүн натыйжаларына эки тарап теӊ бирдей канааттанышкан”.

Ошону менен бирге Башар Асад аймактык коопсуздук маселесинде жана терроризмге каршы күрөштө эки тараптуу кызматташтыкты дагы да күчөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Расмий кабарларга ылайык, үч жылдан ашуун убактан бери уланып келе жаткан Сирия ынкылабында 162 миӊ адам өлгөн. Түпкүлүгүндө болсо курман болгондордун саны мындан бир нече эсеге көп болушу мүмкүн. Жогорудагы согушта канкор Башар Асад өз элине каршы – АКШ жана Россиянын уруксаты менен – химиялык куралдардан да пайдаланды. Бул колонизатор мамлекеттер болсо өздөрүнүн малайлары тарабынан ишке ашырылып жаткан кыргынды оозу менен сындап, коркутумуш болуп, иш жүзүндө болсо колдоп-кубаттап келе жатышат.

Канкор Асад болсо өзү террорист болуп туруп, мусулмандарга каршы чыныгы террордук иштерди кылып жаткан АКШ жана Россия кызыкчылыктарына кызмат кылып жатып, дагы эч бир уялбастан “терроризм”ге каршы күрөштү күчөтүүгө даяр экендигин билдирүүдө

8 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here