ТАЖИКСТАНДА ХИЖАБ КИЙГЕН АЯЛДАРДЫН САНЫ КӨБӨЙҮП БАРА ЖАТАТ

288
0

Тажикстанда хижаб кийүүгө тыюу салынгандыгына карабастан хижабдуу аялдардын саны күндөн күнгө көбөйүп бара жатканы күзөтүлүүдө.

Акыркы кездерде Исламдын башка өкүмдөрү менен параллел көрүнүштө хижаб кийүүгө болгон этибар да Тажикстандын бардык аймактарында мурункуга караганда бир кыйла көбөйгөн. Мындай абал Рахмонов өкмөтүн кабатырга салып койгондугу себептүү бир нече орундарда, ошону менен бирге окуу жайларда да хижаб кийип жүрүүгө болгон чектөө дагы да күчөтүлдү.

Баш калаа Душанбеде жана андан тышкары Согди областы сыяктуу мамлекеттин түндүк аймактарында хижаб кийүүгө болгон умтулуу даана көрүнүүдө. Бул аймактарда хижаб менен жүрүүнү абзел көргөн аялдардын саны мурункуга караганда бир кыйла жогору. Башка аймактарда да жоолук менен жүрүүчүлөр көпчүлүктү түзөт.

Тажик өкмөтүнө караштуу аялдар комитети тарабынан өткөрүлгөн изилдөөгө ылайык, хижаб кийген аялдардын көпчүлүгү хижабга диний милдет т.а. шаръий өкүм жана коргоо каражаты катары карайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here