Газа боюнча келишим: Ким жеңди?

93
0

Газа боюнча келишим: Ким жеңди?

Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС менен түзүлгөн макулдашууну жактырды. Документ 19-январда, жекшембиде күчүнө кирет жана туткундарды бошотуу жараяны башталат.

Катарда 17-январга караган түнү тараптар макулдашуунун соңку жараянына кол коюшкан. Макулдашуунун шарттарына ылайык, биринчи баскычта “израил” армиясы Газадан аскерлерин толук чыгарат, ХАМАС 33 туткунду бошотот. О.э жөөт абагындагы айрым палестиндер да эркиндикке чыгат жана газалыктардын үйүнө кайтышына, аймакка гуманитардык жардамдын жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экинчи этапта согушту биротоло токтотуу үчүн “израил” менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу макулдашууга айланат.

Үчүнчү этапта каза тапкан туткундардын сөөгү үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилет жана Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү иши башталат.

Комментарий:

Албетте бул согуштун жеңүүчүсү – үммөттүн намысын коргоп, душмандын каршысында моюн сунбаган жана Аллага гана таянган газалык мусулмандар, мужахиддер…

Бир туугандарынын кайгы-муңун тең бөлүшүп, 8-октябрдан бери майдандарга чыккан мусулмандар…

Инсандык баалуулуктарын жоготпогон жана зулумдукка каршы үнсүз калбаган дүйнөдөгү инсандар…

Ал эми бул согушта жеңилген тарап – темир куполу ишке жарабаган, бир ууч мусулмандын каршысында алсыздыгын көрсөтүп шерменде болгон жөөт вужуду…

465 күндөн бери үлкөн армияларын казармаларда сактап, көз алдында ымыркайлардын, аял жана кары-картаңдардын кыргын кылынышына көз жумуп отурган мусулман өлкөлөрүнүн сөздө жетекчилери…

Заалимдин зулумдугуна шерик болгон, колдоп кубаттаган Батыш өлкөлөрү…

Баскынчы жөөт вужуду менен дипломатиялык, соода жана экономикалык кызматташтыгын улантып келген мусулман өлкөлөр…

Ооба, 465 күндөн бери Газаны, Абу Убайда жана анын жолдошторун жалгыз калтыргандар учурда уялбастан жеңиш куттуктоолорун айтышууда. А бирок, Аллах Таала бардык амалдардан кабардар:

“Алла – жашыруун жана көрүнөө эмне иш жасап жатканыңарды билип турат” (Нахл: 19).

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here