ЛАВРОВ ЖАНА КЕРРИ ЕККУНУН УКРАИНА КРИЗИСИН ЧЕЧҮҮДӨГҮ ПОЗИЦИЯСЫН КУБАТТАШТЫ

261
0

Россия тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабар беришинче, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри телефон аркылуу сүйлөшүп, Украина кризисин чечүү боюнча 2014-жыл, 17-апрель күнү Женевада болуп өткөн жолугушууда даярдалган “жол картасын” аткаруу боюнча көрсөтүп жаткан ЕККУнун иш аракеттерин колдоп-кубаттай тургандыктарын билдиришти.

Кабарда айтылышынча, сүйлөшүү маалында негизинен Украинадагы ички кризисти чечүүдө эл аралык жардам көрсөтүү маселесине көӊүл бурулган.

Сергей Лавров Украина түштүк чыгышында расмий Киев тарабынан ишке ашырылып жаткан аскерий операцияларды тезирээк токтотуу, ок атууну токтотуу шарттарын келишүү, гуманитардык жардам проблемаларын чечүү жана Украина келечегин түзүү туурасындагы жалпы элдик диалогду жолго коюу зарылдыгын баса белгиледи. Ушул багыттарда өз ара күрөшүп жаткан тараптардын түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү баштоосу зарыл экендигине көӊүл бурулду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here