Шувалов россиялыктарды жумушсуздукка даяр турууга чакырды

418
0

 “РИА Новости”нин кабар беришинче, Россия премьер-министринин биринчи орунбасары Игорь Шувалов Давос форумунда Россия жумушсуздардын саны көбөйүшүнө даярданышы керектигин билдирген.

 Шувалов: “Көпчүлүк адамдар учурдагы кырдаалды бир сокку катары көрбөй жатышат, бирок, бул нерсе кырдаалды туура эмес түшүнүү болуп эсептелет… Адамдар жумушсуздар катары базарга чыгышына жана алардын жаңы шартка ылайыкташуусуна даярдык көрүү зарыл”, – деди.

 Премьер-министрдин орунбасарынын айтымында, Россия 2008-2009-жылдардагы кризистин сабактарын унутканы себептүү экономикадагы азыркы кырдаал жүз берди.

 Премьер-министрдин орунбасары: “Менин оюмча, Россия экономикасындагы кыйроо нефтинин баасы көтөрүлүшү менен 2008-2009-жылдардагы кризис себептүү пайда болгон модернизациялоо процесси тез эле унутулуп кеткендигинен улам болду”, – деди.

 Анын айтымында, Россияда экономикалык абал мындан да жаман болушу мүмкүн.

 Шувалов: “Россия өтө кыйын кырдаалда экендигин түшүнүп жетүүү зарыл. Биздин экономикалык абалыбыз жакшы эмес, ал мындан да начарлашы мүмкүн, балким 2009-жылдагыдай биздин негизги экспорт продукцияларыбыздын баалары көтөрүлүп барышынын натыйжасында экономикада бардык нерсе жакшы сыяктуу сезилиши мүмкүн”, – деди.

 Мындан тышкары, премьер-министрдин орунбасары жарандарга да, ишканаларга да оор абалга даярдык көрүүнү насаат кылды.

Туркистон:

“Төөнү сел алса, эчкинин аягын асмандан көр” дегендей, Россиянын абалы өтө оор. Эми ички улуттук продукциясынын өсүү даражасы жана улуттук валютасынын кунун кармап туруу негизин Россиядагы жумушчу күчтөрдөн келип  жаткан валюталарга байлап алган Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттердин абалы кандай болот. Россияда тиричилик кылып жүргөн бул мамлекеттердин жарандары алардын тышкы улуттук продукциялары болуп эсептелишет. Бул мигранттардын айлык маяналарынынын эсебинен өлкөбүзгө келип жаткан валюта же башка товар жана продукциялар Кыргызстандын ички дүӊ продукциясына кошулат. Бул болсо, ушул өлкө жарандарынын жашоо деӊгээли көтөрүлүшүнө таасирдүү салым кошуп келет.

Шуваловдун билдирүүсү, Россиянын башына түшүп келе жаткан кризистин натыйжасында жарандарын жашоо деӊгээли албетте төмөндөй тургандыгынан о.э. аларды азыртадан ошол күндөргө ылайыкташууга эскертүү деп түшүнсө болот. Орус эли кыйынчылыктар келе жаткандыктан – учурда алар төмөнкү катмардагылар кылышы керек деп билген т.а. ошол мигранттар кылып келе жатышкан – жумушчу орундарды ээлей башташат. Бул нерсенин натыйжасында Россия өкмөтү өз жарандарына акырындап шарттарды түзүп берүү максатында мигранттар туурасындагы мыйзамдарды кайрадан көрүп чыга баштайт. Табигый түрдө  Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө жумушсуздук проблемалары күчөй баштайт.

Россия бул проблеманын бирден-бир чечими катары өнөржай тармагын кайрадан тикелөөгө катуу аракет кыла баштайт. Кыргызстанчы, дагы Россия жана Кытайдын экономикасынан ашып кала турган калдыктарга көз артып отура береби?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here