Кытай өкмөтү учурда Россия менен шериктеш болуп көрүнүүгө аракеттенсе да, түпкүлүгүндө Борбор Азиядан Россиянын таасирин сүрүп чыгарууга катуу умтулуп жатканы көпчүлүк үчүн жашыруун сыр болбой калды.
Кытай өкмөтү өз максатын ишке ашыруу үчүн ошол региондогу мамлекеттерди экономикалык жактан көз каранды кылып алууга олуттуу аракет кылууда. Бүгүнкү күндө ири экономикалык долбоорлор боюнча Кытай менен келишим түзбөгөн бир да республика калбады. Бул жолдо Кытай Шанхай кызматташтык уюмунан (ШКУдан) да пайдаланууга аракет кылууда.
Түпкүлүгүндө, ШКУ аймактык коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн болсо да, бирок, кийинки кездерде бул түзүмдүн алкагында экономикалык кызматташтыкты жолго коюу маселеси да тез-тез көтөрүлүүдө. Табигый түрдө, бул жаңы долбоордун демилгечиси Кытай мамлекети болууда. Мындан бир нече жыл муда ШКУга мүчө мамлекеттер өнүктүрүү банкын түзүүгө келишип алышкан эле. А бирок, Россия жана Кытай ортосунда банктын модели боюнча карама-каршылыктар бар болгондуктан бул долбоорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү болбой келе жаткан эле.
Бирок, Казакстандын борбору Астана шаарында 14-15-декабрь күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Ошол жыйында уюмга мүчө мамлекеттер ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча иштерди улантууга келишип алышканы жана тийиштүү документке өкмөт башчылары кол коюшканы кабарланды.
Белгилүү болгондой, түзүлүүчү банктын уставдык фонду 10 миллиард долларды түзүп, уюмга мүчө мамлекеттердин үлүшү Ички дүӊ продукциянын (ИДП) көлөмүнө ылайык көрүнүштө бөлүштүрүлөт. Негизги капиталды салуучу Кытай мамлекети болгону себептүү кытайлыктар банктын штаб-квартирасы Пекинде болушун сунуш кылышты.
Мындан тышкары, Кытай өкмөтү “Улуу жибек жолун” кайрадан тикелөө үчүн уставдык фонду 40 миллиард доллар болгон фондду жана фонду 50 миллиард долларды түзгөнАзия инфраструктуралык инвестициялар банкын түзгөн эле.
Мына ушундай экономикалык долбоорлордон пайдаланган абалда Кытай өкмөтү Борбор Азияда өз таасирин кеңейтип, Россия дуушар болуп турган проблемалардан пайдаланып калууга умтулууда.