ӨЗБЕКСТАН ЖЫЛ САЙЫН АСКЕРИЙ КАРАЖАТТАРЫН КӨБӨЙТҮП БАРУУДА

376
0

Strategic Defense Intelligence консалтинг фирмасы Өзбекстандын аскерий өнөржай комплексинин өнүгүшүнө тиешелүү маалыматтар жана 2019-жылга чейинки прогноздорду жарыя кылды.

Айтылышынча, 2010-2014-жылдарда республиканын аскерий өнөр жай комплексинде өсүү 11,65 пайызды түзүп, 1,4 млрд.доллардан 2,2 млрд.долларга жеткен. 2015-жылы бул көрсөткүч 2,4 млрд. доллар болушу күтүлүүдө.

Эксперттердин айтымында, 2019-жылга барып ушул көрсөткүч 3,4 млрд.долларга жетет, жылдык орточо өсүш болсо 9,48 пайызга барабар болот.

 Туркистон:

Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Global Firepower Index (Глобалдык аскерий кубат индекси) жарыя кылган рейтингде Өзбекстандын куралдуу күчтөрү 106 мамлекеттин арасынан 48-орунду ээлеши көрсөтүлгөн болчу.

 Жогорудагы рейтингде Өзбекстандын аскерий кубаты мурдагы советтер аймагында Россия жана Украинадан кийин 3-орунду ээлеген болчу. Ал рейтинг боюнча Россия 2-орунда, ал эми Укранина болсо 21-орунда турган.

 А бирок, мындай рейтингдер маалымат берүүчү мааниге гана ээ болуп, куралдуу күчтөрдүн чыныгы жөндөмүн көрсөтпөйт. Т.а. аскер жана офицерлердин тажрыйбасы, аскерий техниканын абалы, согушкерлердин рухий абалы сыяктуу маанилүү факторлор эсепке алынбайт.

 Өзбекстан өкмөтү аскерий чыгымдарын жыл сайын көбөйтүп барганы менен, бул чыгымдар курал-жаракка же аскерлердин тажрыйбасын көтөрүүгө эмес, тескерисинче, аларды материалдык жактан колдоп-кубаттоого гана жумшалат. Өзбекстанда аскерий кызматка болгон кызыгуу күчтүү экендигинин себеби да алар ала турган айлык карапайым жумушчу жана кызматкерлердикинен караганда жогору экендиги о.э. башкалардан айырмалуу түрдө, алардын айлыктары пластикалык картага өткөрүлбөстөн накталай төлөнүшүндө. Мындан тышкары, расмий өкмөт аскерийлер санын кыскартып таштады. Бүгүнкү күнгө келип алардын саны 80 миӊден 48 миӊге чейин азайды.

 Каримов өз “көсөмдүгү” менен жүргүзүп жаткан “адилеттүү жана акылдуу” саясатынын натыйжасында аскерлерге караганда көбүрөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине муктаждык күчөп кеткен. Ошондуктан да бүгүнкү күнгө келип алардын саны 150 миӊден ашып кетти. Аларды камсыздоо үчүн канча каражат кетиши жашыруун бойдон калууда.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here