ПУТИНДИН КҮЧҮГҮ КОЖОЮНУНА БЕРИЛГЕНДИГИН ДАГЫ БИР ЖОЛУ КӨРСӨТТҮ

254
0

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Грозный шаарындагы Билимханов атындагы стадионго чогулган аскерий даярдыктан өткөн 20 миӊдей ыктыярчылардын алдында сүйлөгөн сөзүндө, чечен ыктыярчылары Россия президентинин ар кандай тапшырмасын аткарууга даяр экендигин айтып, кожоюнуна берилгендигин дагы бир жолу билдирди.

Кадыров: “Путин 15-жылдан бери бизге жардам берип келе жатат. Эми биз силер менен биргебиз, биз атайын даярдыктан өткөн он миӊдеген адамдар, Россиянын улуттук жетекчисинен бизди Жогорку командачынын ыктыярдуу атайын отряды деп эсептешин сурайбыз, биз Россияны анын туруктуулугун, чегараларын коргоого о.э. ар кандай татаал согуштук тапшырмаларды аткарууга даярбыз”, – деп “салтанаттуу убада” берди.

Чеченстанда өлтүрүлгөн он миӊдеген мусулмандардын каны үчүн жоопкер болгон Рамзан Кадыров сөзүн улантып, “Америка жана Европа Россияга экономикалык согуш жарыя кылгандыгын, мамлекетте башаламандык, ызы-чуу жана массалык козголоӊ пайда кылууга аракет кылып жаткандыгын” баса белгиледи. О.э. “орус калкы өз жетекчиси Путиндин айланасында бириккендигине, чечен калкы болсо ошол биримдикте борбордук орунду ээлей тургандыгына” ишеними толук экендигин белгилеп өттү.

“Биз мамлекетте туруктуу армия, авиация, деӊиз флоту жана ядролук күчтөр бар экендигин билебиз. Бирок, ушундай бир милдеттер бар болуп, алар ыктыярчылар тарабынан гана аткарылат. Биз силер менен ошолорду аткарабыз”, – деди Кадыров.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here