БИРМАДА МУСУЛМАНДАРГА АӉЧЫЛЫК УЛАНУУДА

294
0

Бирмадагы бутпарас жырткычтардын мусулмандарга карата ишке ашырып жаткан террорлору дагы деле уланууда. Бирманын чоӊдугу боюнча экинчи орунда турган Мандалай шаарында 969 деген аталыштагы бутпарас террорчу топ куралданган абалда көчөлөрдү толтуруп мотоциклдер менен мусулмандарга аӊчылык кылууга чыгып жатышат. Бутпарастардын чабуулунан мусулмандардын үйлөрү, мечиттери, ал тургай мазарлары да аман калбай жатат.

Мотоциклдерде көчөлөрдү кезип жүргөн 969 деген аталыштагы бутпарас террорчу топ колуна тийген мусулмандарды аёосуз таяктап өлтүрүүдө. Бирма полициясы болсо бул кылмыштардын алдын алуунун ордуна бутпарастардан жанын араӊ сактап калган мусулмандарды камакка алып жатат.

Бутпарас топтор өздөрүнүн бул кылмыштарын рохибдер жетекчилигинде алып барышууда. Рохибдер бутпарастарды мусулмандарга каршы тукуруу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонуп жатышат. Алар автомобилдерде көчөлөрдү аралап, террорчу бутпарастарды мусулмандарга чабуул кылууга үндөп жатышат.

Туркистон:

Канчалаган жылдардан бери уланып келе жаткан бутпарас террорчу топтордун мусулмандарга карата жырткычтыктары натыйжасында Бирмада мусулмандардын өтө көпчүлүгү кыргын кылынды. Бүгүнкү күнгө чейин өлтүрүлгөн мусулмандардын саны канча экендиги эч бир уюм тарабынан анык эсептеп чыгылган эмес.

Дүйнөнүн көз алдында болуп жаткан ушунча зулумдарга карабастан, ар дайым адам укуктары жөнүндө жар салуучу эл аралык мекеме жана уюмдар Бирмадагы мусулмандардын абалына узак убакыт унчукпай тамаша кылып тура берди. Мунун бирден­бир себеби зулумга учурап жаткандар мусулмандар экендигинде! “Этникалык азчылыктын укуктарын коргоо” деп оозун көбүртүп жаткан мекемелердин да көздөрү көр, кулактары дүлөй болуп калды. БУУ болсо кез-кезде бир жолу бираз тынчсыздануу билдирип коюуга адаттанган.

Эки сөзүнүн биринде мусулмандарга терроризм тамгасын жабыштырууга адаттанган АКШ жана Батыш мамлекеттери мусулмандардын террорчу бутпарастар тарабынан түрдүү жырткычтык ыкмалар менен кыйнап өлтүрүлүшү каршысында унчукпай тура бериши алардын ким экендигин көрсөтүп турат.

Колдорунда мусулмандар армиясынын тизгинин кармап турган Ислам өлкөлөрүндөгү режимдер болсо Бирмадагы адамдар тартып жаткан азаптарга көӊүл бурбай жатат. Ал тургай, кээ бирлери Бирмадагы залим режим менен достук жана экономикалык алакаларды улантууда. Бул режимдердин зулумга учураган мусулмандарга жардамы, болгону аларды качкындар лагерине жайгаштыруудан гана турат. Акыйкатта болсо, бул лагерлерде качкындар дагы деле аянычтуу абалда жашап жатышат. Кээ бир лагерлердеги жашоо камактагыдан да оор.

Эсиӊерден чыгарбагыла, мусулмандарга каршы ишке ашырылып жаткан мындай мусибаттарды үммөттүн калканы болгон Халифалык мамлекети гана токтото алат. Халифалык түзүмү Бирмадагы мусулмандарды эле эмес, балким дүйнөнүн түрдүү жерлеринде зулумга дуушар болгон бардык адамдарды бейпил турмуш менен камсыздайт. Халифалык мамлекетинде азчылык улут деген нерсе болбойт, тескерисинче бардык адамдар толук жарандык укуктарга ээ болушат.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here