ЧЕГАРА ПРОБЛЕМАЛАРЫ ЧЕЧИЛЕ ЭЛЕК

271
0

Кыргызстандын премьер-министринин орун басары Абдырахман Маматалиев 6-июль күнү Жалал-Абад областынын Сузак районуна барган жумушчу сапары маалында кыргыз-өзбек чегарасын барып көрдү. Аны областтык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери коштоп жүрүштү.

Сузак району Өзбекстан менен 60 километр аралыкта чектешип, анын 2 километри талаштуу аймак болуп эсептелет. Өзбекстан менен Кыргызстанды Кара-Дарыя ажыратып турат. 1986-жылдагы карта боюнча айрым жерлерде чегара дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээгин бойлоп өтөт.

Райондун калкы мурдараак Кара-Дарыянын жээктерин бекемдөө жана анда дамба куруу иштери жүрүп жатканда Өзбекстан мамлекеттер аралык чегараны Кыргызстандын ичкерисин көздөй 300 метрге жылдырып жаткандыгынан арызданышкан. О.э. Кара-Дарыя өзөнү өзгөргөнү боюнча түшүндүрмө берилишин сурашкан.

Премьер-министрдин орунбасары жергиликтүү эл менен жолугушуу маалында Өзбекстан тарабы чегараны Кыргызстандын ичкерисин көздөй жылдырып жатканы жөнүндөгү маалыматты четке какты жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине дарыянын жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма бергендигин билдирди. Мындан тышкары, Абдырахман Маматалиев жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерин маанилүү маселелер боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканы үчүн сындады.

 Туркистон:

Чегара проблемалары ушул региондогу мамлекеттердин өз ара проблемалары эмес. Тескерисинче, эл аралык саясатты башкарып келе жаткан бир нече чоӊ мамлекеттер тарабынан атайын көтөрүлүп келе жаткан проблемалардын бири. Бул Кыргызстан же Өзбекстан өкмөттөрү тарабынан өз кызыкчылыктары негизинде атайын уюштурулуп келе жаткан иш да эмес. Себеби, алардын бардыгы ушул чегаралардагы ар кандай проблемалардан жалаӊ гана зыян тартып келе жатышат. Мамлекеттер аралык келишпестиктер ортодогу чегара тосуктарын күчөтүү же таптакыр жаап алуу менен аяктайт. Бул болсо, эки тараптын эли үчүн социалдык, экономикалык проблемаларды келтирип чыгаруу менен бир катарда, этникалык улуттарга каршы улутчулдук аракеттери келип чыгышына негиз болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here