ТОКСОН ҮЧҮНЧҮ РАМАЗАН ХАЛИФАСЫЗ ӨТҮҮДӨ

284
0

Токсон үчүнчү рамазан халифасыз өтүүдө

Эй мусулмандар, бул рамазан халифасыз күтүп алынган

соңку рамазан болсун!

Бизди башталышы рахмат, ортосу кечирим жана аягы тозоктон кутулуу айы болгон рамазан айына жеткирген Аллахка мактоолор болсун. Мына, токсон үчүнчү рамазан да халифасыз өтүүдө жана биз ыдыраган абалда жаңыдан рамазанды күтүп алуудабыз. Ислам Үммөтү хижраттын 1342-жылы Исламий Халифалык мамлекети кулагандан бери рамазанды бир болуп баштап келбейт. Биз халифабыз турганда бир күндө орозо кармап, бир күндө рамазан айтын күтүп алчубуз. Ошондон бери кырсыктан кырсыкка, мусийбаттан мусийбатка кабылып жатабыз, биз майдаландык жана күч-кубатыбызды жоготтук. Себеби, бизди коргоочу мамлекетибиз кулаган.

Биздин саныбыз миллиарддан ашты, бирок, дагы эле селдин көбүгүндөй болуп калуудабыз. Расул A айтат:

«يُوشِكُ أَنْ تَدَاعَى عَلَيْكُمْ الْأُمَمُ مِنْ كُلِّ أُفُقٍ كَمَا تَدَاعَى الْأَكَلَةُ عَلَى قَصْعَتِهَا، قَالَ: قُلْنَا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَمِنْ قِلَّةٍ بِنَا يَوْمَئِذٍ؟ قَالَ: أَنْتُمْ يَوْمَئِذٍ كَثِيرٌ، وَلَكِنْ تَكُونُونَ غُثَاءً كَغُثَاءِ السَّيْلِ، يَنْتَزِعُ الْمَهَابَةَ مِنْ قُلُوبِ عَدُوِّكُمْ، وَيَجْعَلُ فِي قُلُوبِكُمْ الْوَهْنَ، قَالَ: قُلْنَا: وَمَا الْوَهْنُ؟ قَالَ: حُبُّ الْحَيَاةِ، وَكَرَاهِيَةُ الْمَوْتِ»

«Силерге үммөттөр ар тараптан кудум ач көз өз идишине таштангандай чабуул кылат. (Ровий айтат) биз сурадык: Эй Расулуллах, ошол күндө биз аз болгонубуздан ушундай болобу? Расулуллах A айтты: Силер ошол күндө көп болосуңар, бирок, селдин көбүгүндөй болосуңар. Аллах душманыңардын жүрөгүнөн коркууну алып коёт жана силердин жүрөгүңөргө вахн салат. (Ровий айтат) биз сурадык: Эй Расулуллах, вахн эмне? Расулуллах A айтты: Жашоону жакшы көрүү жана өлүмдү жаман көрүү». (Ахмад ибн Ханбал).

Ошентип, Америка жана Англия башчылыгында кресттүү мамлекеттер Ислам өлкөлөрүнө кол салып мубарек жерлерин басып алды, мусулмандардын перзенттерин өлтүрдү, ыйык жайларын тебелеп-тепседи жана байлыктарын талап-тоноду. Аларга эч ким каршы турбады, кала берсе, мунун бүтүндөй тескериси жүз берди т.а. мусулман акимдери колонизатор кафирлердин саясатына кызмат кылды. Бул акимдер залим диктатор режимдерге каршы баш көтөргөн козголоңду жок кылууга урунушту. Алар Сирия жана Иракта мусулмандардын канына кыянат кылууда бири-бири менен мелдешти.

Эй мусулмандар, белгилүү болгондой, рамазан – Куръан айы, рахмат, кечирим, береке айы, күнөөлөрдөн тазалануу жана тозоктон кутулуу айы. Бул айда фарздардан тышкары нафил амалдарды көбөйтүүбүз, тообо истигфар о.э. руку жана сажда кылуубуз керек. О.э. рамазан жихад жана фатхтар айы экени о.э. туура жолду тутуучу Халифалыкты тикелөө улуу фарз экени да белгилүү. Бардык фарздар Халифалык менен ишке ашат, Халифалык – фарздардын таажысы. Халифалык менен гана жихад байрагы бийик көтөрүлөт, аны менен гана өмүрлөр, абройлор жана байлыктар корголот. Халифалык аркылуу гана мусулмандар мурунку күч-кубатын жана улуулугун кайра тикелейт. Ошондой болгон соң, келгиле, ушул береке айда жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпой туура жолду тутуучу Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылалы.

Эй мусулмандар, ушунча күттүңөр, Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуунун убагы келди. Демек, жетишет, аракет кылгыла, бул ай халифасыз келген эң соңку рамазан болсун о.э. рамазан мурункудай нусрат жана фатхтар рамазаны болсун. Бул Аллахка кыйын эмес. Биз, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын мүчөлөрү, мубарек рамазан айында силерге, бардык мусулмандарга береке тилейбиз, Аллахтан бул айды рошид Халифалыкты тикелөө үчүн нусрат айы кылышын о.э. бүткүл Ислам Үммөтүнө береке тартуу кылышын сурайбыз.

«Эй момундар, Аллах жана Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгү ортосун ээлеп турат жана албетте, Анын алдына топтолосуңар»                 [8:24]

Хизб-ут-Тахрирдин Түркиядагы басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here