АКШ СЕНАТОРУ: САУДИЯГА РАХМАТ

243
0

АКШ сенатору Жон Маккейн Россия экономикасында жүз берген кризисте АКШ тарабынан Россияга карата колдонулган санкциянын таасири өтө аз болгондугун билдирди.

Маккейндин билдиришинче, Россия экономикасында жүз берген кризис АКШнын санкцялары себептүү эмес, Сауд Арабиясы нефтинин баасын арзандатканы себептүү жүз берген. Маккейндин айтымында, ал үчүн Обама админстрациясы Саудия өкмөтүнө ыраазылык билдириши керек.

АКШ сенатору Жон Маккейн CNN телеканалы менен өткөргөн маекте: “Нефть баасы Владимир Путиндин экономикасына ушунчалык таасир тийгизе турган көрүнүштө арзандашына уруксат берген Сауд Арабиясына ыраазылык билдиришибиз керек”, – деди.

Бирок, Американын энергетика адиси Т. Бун Пикенс нефтинин баасы дагы кайрадан көтөрүлүшү туурасында башарат кылууда. Пикенстин айтымында, 12-18 айдын аралыгында нефтинин баасы дагы кайрадан 90-100 долларга көтөрүлөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here