ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ: КЫРГЫЗСТАНДА СВЕТТИК ЭКСТРЕМИЗМ КҮЧӨП БАРУУДА

377
0

Жогорку Кеӊештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Кыргызстанда светтик экстремизм күчөп барууда. Бул тууралуу Бакир уулу 25-сентябрь күнү болуп өткөн парламенттик жыйында айтып өттү.

Турсунбай Бакир уулу: “Учурда Исламга каршы чыккандар пайда болуп калды. Хижабды чечиш керек, сакалдарды алыш керек деп айтышууда. Хижаб кийген адамды мектепке киргизбей жатышат, жумушка да албай жатышат. Светтик эксртемизм күчөп бара жатат. Келгиле, мындай адамдарга жаназа намазын окубайлы. Эгерде ал Ислам динине ишене турган болсо, анда ага каршы чыкпашы керек”, – деди.

 Туркистон:

Бакир уулунун сөзү туура. Мусулмандарга каршы аракеттер, алардын атамасы менен айтканда, чындыгында эле экстремисттик аракеттер болуп эсептелет. Бирок, Бакир уулу экстремизмге каршы күрөшүү ыкмасын туура эмес айтыптыр.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here