ЭРДАГАН: АБАДАН БОМБАЛООНУН ӨЗҮ ЖЕТИШТҮҮ ЭМЕС

260
0

Түркиянын президенти Режеп Таййиб Эрдаган БУУнун башкы ассамблеясы жөнүндө Нью-Йорк телевидениесине интервью берди. Ал өз интервьюсунда ИШИМге каршы абадан болгон чабуулдар жетиштүү эместигин айтып өттү.

Ислам үммөтүн курчап алган зулум бардык Ислам географиясында көрүнүүдө. Ислам үммөтү өтө аянычтуу абалга түшүп калган. Өкүнүчтүүсү, кол коюлган келишимдер, кыянаттар, тил бириктирүүлөр, кыргындар жана ар түрдүү кысыктар үммөттүн башында турган акимдердин колу менен ишке ашырылууда.

Түркия өкмөтү ИШИМдин колунда күрөөдө турган түрк жарандарын эске алып, “ИШИМге каршы күрөшүү” деген аталышта түзүлгөн коалицияга карата экиленип турган эле. Күрөөдөгүлөр бошотулгандан кийин позициясын өзгөрткөн өкмөт жооптууларынан өзгөчө билдирүүлөр бериле баштады.

Президент Режеп Таййиб Эрдаган Нью-Йоркто уюштурулган БУУнун башкы ассамблеясында журналисттердин суроолоруна жооп берди. АКШ жана кээ бир мамлекеттердин Сириядагы максаттарына тиешелүү суроолорго Эрдаган “мойнубузга эмне түшсө аны аткарабыз” деп жооп берди. Түркия бере турган жардам аскерий операцияны өз ичине алабы, – деген суроого Эрдаган: “Боордоштор! Бул ар бир тармакты өз ичине алат, аскерий, саясий… бардык-бардыгын өз ичине алат”, – деп жооп берди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да Түркия жана АКШ 2015-жылга чейин башчылык кылуучу “Глобалдык террорго (Исламга) каршы күрөшүү форуми”нун ачылышында Эрдагандын сөздөрүн тастыктады. Алгач түрк жарандары ИШИМдин колунда күрөөдө болгондуктан Түркия өкмөтү проблемага дуушар болгондугуна ишара кылган Керри “ал эми учурда бул проблема чечилгендиктен жана Түркия өз ийгилигин кепилдөө үчүн башка шериктерибиздин жанында туруп бар болгон күчүн жумшоого даяр” деп баса белгиледи.

Эрдаган болсо: “Бул абадан бомбалоо менен чечиле турган иш эмес. Бүгүнкү күнгө чейин аткарылышы керек  болгон иштер Сирияда аткарылбады. Түркиянын террорго каршы күрөштө позициясы анык. Ар кандай кызматташтыкка да даяр”, – деди.

Биринчиден: Америка Ислам жана мусулмандардын душманы болгон куфр мамлекети. Америка Ислам Үммөтүн чагуу үчүн ар дайым ыӊгайлуу учур күтүп жаткан уулуу жылан болуп эсептелет. Ошол себептен улам Америка ИШИМге каршы эмес, Ислам жана мусулмандарга каршы согуш ачууда. Аны менен кызматташып жаткандар өтө чоӊ кыянат кылган болуп эсептелишет.

Экинчиден: Бул чабуулдар ИШИМге же залим Асад режимине каратылган операция эмес. Бул операция Сирия калкына каратылган массалык кыргындарды токтотуу үчүн да эмес. Бул операция Американын Сирия үстүндө түзгөн планын жокко чыгарып жаткан ынкылапчыларга каршы күрөш. Бул операция Сирияда демократиялык илманий өкмөттү кабыл албагандарга каршы ишке ашырылууда. Бул операция аймактык бир мамлекет түшүнүгүнө ээ болгон ИШИМге эмес, Рошид Халифалык мамлекетинин тикеленишине тоскоолдук кылуу үчүн жана Сириядагы ойгонууну муунтуп таштоо үчүн ишке ашырылууда.

Үчүнчүдөн: Сирия калкы зулумга каршы козголгондон бери Түркиянын ыпылас саясатын ар дайым ашкере кылууга аракет кылып келдик. Түркия менен Сирия ортосундагы чегаранын узундугу 900 км болушуна карабастан, Түркиянын Сирияга карата АКШдан көз каранды болбогон өз алдынча саясаты жок. Бүгүнкү күндө да АКШнын бардык пландарын кылчактоосуз колдоп жатат. Ыкчам механизм, Роберт Форд планы, төрттүк механизм, Женева 1, Женева 2, мына эми ИШИМди шылтоолоп Сириядагы мужахиддерге каршы аскерий операция.

Бүт дүйнө Сириядагы окуяларды түздөн-түз күзөтүп барууда. 2013-жылдын май айында Сирияда Банияс кыргыны ишке ашырылды. Массалык кыргын жүз бериши менен алгач уламалар ошол кездеги премьер-министр болуп турган Эрдаганга кат жолдогон эле. Катта Банияста массалык кыргын ишке ашырылышы жөнүндө жазып, Эрдагандан жардам сурашкан эле. Түркия болсо алардын бул чакырыгын жоопсуз калтырды.

Эми мындай суроо бермекчимин: Эрдаган Банияс калкынын чакырыгына жооп иретинде эмне үчүн “мойнубузга эмне түшсө аны аткарабыз” дебеди? Эмне үчүн эмчектеги балдарды Асаддын адамдары өлтүрүшүнө жол коюп берди? Ушулбу сен сыймыктанып жаткан инсаний, вижданий саясат? Сирияда өлтүрүлүп жаткан бөбөктөр үчүн сенин вижданыӊ кыйналбай жатабы? Сен үчүн АКШнын кызыкчылыгы бөбөктөрдүн өмүрүнөн да маанилүүбү?

Усман Юлдуз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here