2014-жылдын 1-сентябрь күнү адам укуктары үчүн тынымсыз күрөшүп келген Гапиров Равшан Бердишевич 59 жашында бул дүйнө менен кош айтышты.
إنا لله وإنا إليه راجعون
“Албетте биз Аллахтыкыбыз жана албетте биз Ал Затка кайтуучубуз”
Аны жайына узатуу ырасымы 2-сентябрь күнү пешин намазынан кийин миӊдеген мусулмандардын катышуусунда болуп өттү.
Гапиров Равшан Бердишевич 1955-жылы 12-августта төрөлгөн. Ал Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү 522 үйдө жашайт эле. Адам укуктарын коргоо ишмердүүлүгүн 1988-жылы баштаган болсо, 2000-жылы адам укуктарын коргоочу “Адилеттүүлүк жана Акыйкат” деген аталыштагы уюмду негиздеген о.э. көптөгөн жылдардан бери ушул уюмга жетекчилик кылып келген.
Равшан Гапиров кайраттуу адам болуп, эч качан өкмөттөн коркподу. Өкмөттүн улутчулдукка таянып жүргүзүп жаткан саясатын тынбастан, кескин сындап, карапайым оштуктарга моралдык жана укуктук тараптан эч бир экиленбестен жардам көрсөтүп келди.
Равшан Гапиров 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин этникалык өзбектердин укуктарын коргоо менен биргеликте, укук коргоо органдарында этникалык азчылыктын өкүлдөрү кыйноолорго салынганы туурасындагы фактыларды ашкерелеген макалалары менен таанылган болчу. Анын адам укуктарын коргоо боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгү Кыргызстан өкмөтүнө жакпайт эле. Ошол себептен улам, Равшан Гапировду түрдүү жасалма айыптоолор менен 10дон көбүрөөк жолу камакка алды. Акыркы жолу 2008-жылы расмий өкмөт аны “улуттар аралык жаӊжалды козгоо” айыбы менен айыптап камакка алды.
Кыргызстандын тарыхында эч бир айыпталуучу өкмөттөн компенсация өндүрө албаган эле. Равшан Гапиров бул иштин өтөөсүнөн чыккан жападан-жалгыз адам болду. Башка адамдардын укуктары үчүн күрөшкөнү сыяктуу эле, өзүнүн укуктары үчүн да күрөшкөнү себептүү Кыргызстандын Жогорку соту 2008-жылы Равшан Гапировду жогорудагы айыптоо боюнча актады. 2011-жылы Ош шаардык соту Равшан Гапировду соттолбогон адам катары таануу боюнча чечим чыгарды.
2013-жылдын 20-февралында болсо Кыргызстандын Жогорку соту жасалма айып менен колго түшүрүлүп 9,5 ай камакта кармалганы үчүн Равшан Гапировдун пайдасына Ош шаардык прокуратурасынан 2100 доллар жана милициядан 2100 доллар акча өндүрүп берүү туурасында өкүм чыгарды. А бирок, колунда соттун өкүмү болушуна карабастан, расмий өкмөт ар түрдүү шылтоолор менен ага компенсация төлөп бербеди.
Биз Кудуреттүү Аллахтан Равшан Гапировдун күнөөлөрүн кечиришин, карапайым адамдардын укуктары үчүн жүргүзгөн күрөшүн солих амалдарынын катарында кылышын жана аны Өзүнүн бейиш неъматтарында кылышын сурап калабыз.
Равшан Гапировдун үй-бүлө мүчөлөрүнө болсо сабырдулук, көркөм ыйман жана кайраттуулук беришин сурап, тереӊ кайгыруу менен аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз.
Туркистон.