ПУТИН: ЭГЕРДЕ КААЛАСАМ, КИЕВДИ ЭКИ АПТАДА БАСЫП АЛАМЫН

227
0

Украина кризиси уланып жаткан убакта бул жаатта Европа союзу менен Америка Россияны бузукулукта айыптап келет. Ал эми Россия өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагып келүүдө.

Акыркы жолу Россия президенти Владимир Путин Украина туурасындагы таӊ калтыра турган дааба менен майданга чыкты. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануель Баррозу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Путин: “Эгерде кааласам Киевди эки аптада басып аламын”, – деп айтты.

Италияда чыгуучу “La Repubblica” газетасы таркаткан кабарга ылайык, Путиндин бул сөздөрү Европа союзу жана Америка тарабынан Россияга каршы жарыя кылынып жаткан санкциялардан кийин жаӊырууда. Баррозу кесиптештерине кабарлаган Путиндин сөзү тез арада өтө чоӊ ызы-чууга себеп болду.

Туркистон:

Путин Украинадагы фитнакечтик согуштарын көпкө чейин жашыруун жүргүзө албайт. Анткени, акыркы күндөрдө курмандыктардын саны көбөйүп барууда. Алардын Чеченстан жана Россиянын түрдүү аймактарынан Украинага өткөрүлүп жаткан атайын топтор экендиги ачылып калууда. Ошондуктан, Путин ачык согуш жарыя кылып жибериши мүмкүн экендигин алдын ала айтып өттү. Бул болсо, Батышка карата ачык коркутуу болуп, ал эми АКШ үчүн болсо эл аралык системанын кулап кетишинен тынчсызданууну пайда кылат.   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here