ОФИЯТ СИДДИКИЙДИ АКШ ЗЫНДАНЫНАН КИМ КУТКАРАТ

996
0

Пакистандык аалым аял Офият Сиддикий 86 жылдык камак жазасына карата АКШ апелляциялык сотуна  тапшырылган арызын кайтарып алды. Сиддикий АКШ соту тарабынан өзүнө берилген камак жазасына каршылык билдирип, АКШ апелляциялык сотуна арызын тапшырган эле.

АКШ сотунун судьяларынын бири Ричард Берман Сиддикийдин арызын кайтарып алгандыгы жөнүндөгү кабарды тастыктады.

Берман: “Доктор Сиддикий өзү жөнүндө уланып жаткан апелляциялык сот жараяны токтотулушун өзү катъий көрүнүштө талап кылды”, – деп билдирди.

Рейтерс маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, судья Берман Доктор Сиддикийдин ишин бүтүндөй жапкан. Натыйжа болсо Сиддикийдин зыянына чечилген. Берман Сиддикийге тишелүү бардык соттук процесс аяктагандыгын жана бул маселе жөнүндө айтууну каалабай тургандыгын билдирди.

Untitled-1Үч баланын энеси болгон 42 жаштагы Офият Сиддикий саламаттыгы начарлаганы себептүү АКШнын Техас штатындагы психикалык ооруканада кармалууда. Сиддикий Афганистанда жайгашкан ЦРУнун тыӊчыларына жана АКШ офицерлерине ок атуу айыбы менен АКШ соту тарабынан 86-жылдык камак жазасына өкүм кылынган. О.э. үч баласынан бүтүндөй ажыратып коюлган.

Офият Сиддикий көп жылдардан бери камакта жаткандыгы себептүү акылын жоготкондугу айтылууда. Анын күйөөсү 11-сентябрь чабуулун пландаштыргандыкта айыпталып 2003-жылдан бери Гуантанамо камагында жатат.

Туркистон:

Офият Сиддикий бир нече жыл куугунтукта жүргөн жана террористтер тизмесине киргизилген биринчи муслима аял болуп эсептелет. Бул аял доктордук наамга жетишкен окумуштуу болуп, 2008-жылы 900 грамм “цианид натрия” химиялык затын жанында алып жүргөндүк айыбы менен афган полициясы тарабынан колго түшүрүлгөн эле. Бул аялды малай акимдер АКШга тапшыргандан кийин 2010-жылы анын иши АКШ сотунда каралып, оор кылмышты ишке ашыргандык жана ок атуучу куралды колдонуу сыяктуу айыптар менен 86 жылдык камак жазасына өкүм кылынган. Акыйкатта болсо, ал эч кандай кылмыш кылбаган эле. Анын үстүнө рак оорусунан да азап тартып келет.

Офият Сиддикийге коюлган жалган айыптардын дагы бири, тергөө бөлмөсүндө колуна тийип калган М-4 ок атуучу куралы менен америкалык аскерлерди өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок, курал анын колунда болушуна карабастан, окуяда Сиддикийдин өзүнөн башка эч ким жараат албаган.

Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин Ислам үммөтү мына ушундай абалга түшүп калды. Акыйкатта болсо, бул Үммөт адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болуп эсептелет. Бул үммөт Аллахтын жолунда жандарын курман кылган рошид халифалардын, садик фатихтердин неберелери! Бул үммөт «эй Муътасим, кайдасын» деп чакырган бир муслима аялдын ар­намысын коргоо үчүн Рум кошуунуна каршы бүтүндөй Ислам аскерин бутка тургузган Муътасимдин неберелери болуп эсептелет!

Росулуллах с.а.в. мындай деген:

إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ

«Имам-халифа – бул калкан, анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат».

Офият Сиддикий окуясы Ислам үммөтү башынан өткөргөн жалгыз окуя эмес. Мындай окуялар жогорудагы хадисте айтылган “калканга” өтө муктаж экенибизди дагы бир жолу көрсөтүп турат. Т.а. биз өзүбүздү коргой турган Халифабызга муктажбыз. Үммөттү Аллах Субханаху ва Тааланын шарияты негизинде бириктирүүчү бир Халифага муктажбыз. Ал Халифа бардык жердеги Үммөттү куткаруу үчүн армияны аттандырат. Халифалык мамлекети тикеленгенде гана Үммөттү коргошу мүмкүн. Ошондо гана аялдардын намысы сактап калынат.

Ошондой болгон соӊ, Ислам үммөтү көзүн чоӊураак ачышы жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн бар болгон күчү менен аракет кылышы важиб. Анткени, Халифалык Офият айымды эле эмес, тескерисинче дүйнөнүн ар бир жеринде мусулман болгону үчүн гана азап тартып жаткан бардык мусулмандарды куткарат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here