ГАЗА КЫЙРАТЫЛЫП ЖАТКАНДА СҮКҮТ САКТАГАН АКИМДЕР ЭМИ АНЫ КАЙРАДАН ТИКЕЛӨӨ ҮЧҮН САДАКА ЧОГУЛТУШУУДА

288
0

Мисир өкмөтүнүн демилгеси менен Каир шаарында Газаны кайрадан тикелөө маселеси боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Ал конференцияда сөзгө чыккан АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри АКШ Газаны кайрадан тикелөө иштерине 212 миллион доллар бөлүүгө даяр экендигин билдирди.

Кожоюндарынын “жоомарттыгынан” таасирленген Кувейт өкмөтү 200 миллион доллар, Катар болсо 1 миллиард доллар бөлүүгө убада берди.

Буларга кошумча, Германия  63 миллион, Британия болсо 32 миллион доллар бере турган болду.

Палестинанын “президенти” Махмуд Аббас конференциянын катышуучуларына Газаны кайрадан тикелөө үчүн 4 миллиард доллар зарыл экендигин айтып өттү.

Махмуд Аббас: “Турмуш өз нугуна түшүүсү үчүн сектордогу кырдаал өтө чоӊ өлчөмдөгү каражатты талап кылат. Биз донорлордун 4 миллиард долларлык жардам беришинен үмүттөнүп жатабыз жана бул жараяндын ийгилигин кепилдөө үчүн секторду кайрадан тикелөө ишине жоопкерчилик менен жандашууга бардык тараптарды чакырабыз”, – деди.

Ушул конференцияга катышкан БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун 14-октябрь күнү Газага бара тургандыгын билдирди.

  Туркистон:

Яхудий вужуду Газада ишке ашырган кыргындардан 2200гө жакын палестиналык, ошону менен бирге 470 жаш бала курман болду. Яхудий вужуду Газаны кыйрандыга айлантып, миӊдеген мусулмандарды кыргын кылышына унчукпай карап турган, же оозеки тилектештик жана тынчсыздануу билдирүүдөн нары өтпөгөн дүйнөлүк коомчулук менен исламий өлкөлөрдүн акимдери эми Газаны кайрадан тикелөөгө киришүүдө өздөрү бере турган садакалары менен мусулмандардын дилиндеги кайгы-капанын ордун толтурмакчы болушууда.

 Бул колонизатор мамлекеттер жана алардын малай акимдери тарабынан Газа кайрадан тикеленген күндө да, яхудий вужуду дагы бир шылтоо менен аны кайрадан кыйратышы мүмкүн жана ага бул нерсени ишке ашырууда Батыштагы демөөрчүлөрү да, исламий өлкөлөргө орнотуп коюлган малай акимдер да тоскоолдук кылышпайт.

 Аллахтын уруксаты менен жакында тикеленүүчү Халифалык мамлекети яхудий вужудун исламий өлкөдөн тамыры менен сууруп таштаганга чейин бул иш кайра-кайра кайталана берет. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here