Суроо:
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух
Башкаруу жана идара жихаздары (аппараты) китебинен Халифалык мамлекети тикеленгенден кейин риба малдарына карата каражаттарды ээлерине кайтарып берүү туурасындагы суроо… Суроо мындай, рибалуу малдарды эмне кылабыз? Мамлекеттин бул малдарды конфискация кылышы жана каражат кылып жаткырышы жайиз болобу? Риба малынан келе турган акча кагаз акча катары анын өзү арамбы же арамдык ишке тиешелүү болобу?
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух
1 «Риба малдарын эмне кылабыз…», – деген сурооӊузга жооп, бул жооп «Халифалык мамлекетинде малдар» китебинде бар, мамлекеттин гулул (акысыз көрүнүштө ээ болгон мал), риба, кумар… сыяктуу шаръий эмес жол менен табылган малды кандай тасарруф кылышы анык баян кылынган. Мисалы 111-112-беттердеги «акимдерден жана мамлекеттик кызматкерлерден алып коюлуучу гулул (акысыз түрдө ээ болуп алган мал) малы, шаръий эмес касб малы жана штрафтар малы» бөлүмүндө төмөнкүлөр келген:
«Валийлер, мансаптагылар жана мамлекеттик кызматкерлер шаръий эмес жол менен тапкан малдар Байтулмалдын кирешелеринен болот, буга Байтулмалдын кирешелеринен боло турган нерселер да кошулат, жеке адамдар мүлк кылып алууда же мүлктү өстүрүүдө пайдалануу шаръий жактан тыюу салынган жолдор менен тапкан бардык малдар да буга кошулат, анткени, ал арам касб кылуу болот, ошондуктан мүлк кылып алынбайт.
Мисалы, кимде-ким риба жолу менен бирер нерсени тапса ал арам болот жана мүлк болбойт. Анткени, Аллах рибаны арам кылды жана риба жолу менен малды өстүрүүнү арам кылды. Аллах Таала айтат:
الَّذِينَ يَأْكُلُونَ الرِّبَا لَا يَقُومُونَ إِلَّا كَمَا يَقُومُ الَّذِي يَتَخَبَّطُهُ الشَّيْطَانُ مِنَ الْمَسِّ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا فَمَنْ جَاءَهُ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّهِ فَانْتَهَى فَلَهُ مَا سَلَفَ وَأَمْرُهُ إِلَى اللَّهِ وَمَنْ عَادَ فَأُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
«Сүткор болгон кимселер (кыямат күнүндө мүрзөлөрүнөн)турушпайт, бирок, жин тийген мажнун сыяктуу турушат. Буга себеп алардын: Байъ (соода) да сүткордуктун өзү го? – дегендери. Акыйкатта болсо, Аллах байъды адал, сүткордукту арам кылган. Демек, кимге Роббисинен үгүт-насаат жеткен соӊ (сүткордуктан)токтосо, анда мурунку өткөнү өзүнө жана анын иши Аллахка (тапшырылат). (Т.а. Аллах Өзү кааласа кечирет). Ким (сүткордукка) кайтса, ошолор тозок ээлери жана анда түбөлүккө калышат» [2:275]
Аллах Таала дагы айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ * فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لَا تَظْلِمُونَ وَلَا تُظْلَمُونَ
«Эй момундар, Аллахтан корккула жана эгерде чындап эле момун болсоӊор, сүткордук саркындыларын таштагыла.(Т.а. адамдарга берген карызыӊарга пайыз кошуп кайтарып албагыла). Эми эгерде (буйругубузду) кылбасаӊар, анда Аллах жана пайгамбары тарабынан болуучу согушту билип койгула! Эгерде тообо кылсаӊар, мал-мүлкүӊөр өзүӊөргө – залим да, мазлум да болбойсуӊар» [2:278-279]
Риба малын кимден алып желген болсо ошол ээлерине – эгерде алардын ким экендиги белгилүү, тааныш болсо – кайтаруу керек, эгерде ким экендиги белгилүү болбосо мусодара (конфискация) кылынып Байтулмалга коюлат. Бул Муслим Жабирден чыгарган
«لَعَنَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ آكِلَ الرِّبَا، وَمُؤْكِلَهُ، وَكَاتِبَهُ، وَشَاهِدَيْهِ، وَقَالَ: هُمْ سَوَاءٌ»
«Расулуллах A риба жегенди, аны жедиргенди, жазганды жана эки күбөсүн наалаттады о.э. алар барабар болушат», – деп айтты, деген хадисте келгендей риба менен мамиле кылуучуларга «аны жегенге, жедиргенге, жазганга жана эки күбөгө» анын натыйжасында берилүүчү шаръий укубат-жазага кошумча болот.
Кимде-ким кумар жолу менен мал тапса ал арам жана мүлк болбойт, ошондуктан ал ээсине кайтарылат. Ээси белгисиз болсо мусодара кылынып Байтулмалга коюлат. Бул кумар менен мамиле жүргүзө турган кимсеге – ал уттурган болсун же уткан болсун, мунун айырмасы жок – берилүүчү шаръий укубат-жазага кошумча болот. Анткени, кумар аркылуу мүлктү өстүрүү шаръий жактан жайиз болбойт. Анткени, кумар арам кылынган. Аллах Таала айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ * إِنَّمَا يُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ وَيَصُدَّكُمْ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَعَنِ الصَّلَاةِ فَهَلْ أَنْتُمْ مُنْتَهُونَ
«Эй момундар, арак (мас кылуучу ичимдик ичүү), кумар (ойноо), буттар (т.а. аларга сыйынуу) жана таякчалар (т.а. таякчалар менен палчылык кылуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, нажат табышыӊар үчүн алардын ар биринен алыс болгула! Ичкилик, кумар себептүү шайтан араӊарга жек көрүү, душмандык салууну о.э. силерди Аллахты зикир кылуудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсуӊар!» [5:90-91]
2 Эми сурооонун риба малынын дал өзү же феъл (иш) арам экендиги туурасындагы экинчи бөлүгүнө келсек, анын жообу мындай, шаръий эмес иш менен табылган малдын өзү арам эмес, тескерисинче, арамдык аны табуу же өстүрүү көрүнүшүнө тиешелүү болот. А бирок, малдын өзү арам эмес. Мисалы, кимде-ким мас кылуучу ичимдик сатып же риба жолу менен динарларды тапса динарлардын өзү арам болуп калбайт, тескерисинче, арамдык аларды табуу же өстүрүү көрүнүшүндө. Ошондуктан, динарларды арам жол менен касб кылып тапкан кимсе аларды мүлк кылып ала албайт. А бирок, динарлардын өзү арам болбойт, ошондуктан алар мусулмандардын Байтулмалына коюлат жана алардан мусулмандардын иштерине жумшалат. Мындан доӊуз эти жана хамр (мас кылуучу ичимдик) сыяктуу өзү арам болгон мал гана мустасна, анткени, алар өзү арам болгон малдар.
Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта
26 зул-хижжа, 1435-х.
20-октябрь, 2014-м.