КЭМЕРОН: БРИТАНИЯГА КӨБҮРӨӨК КАРАЖАТ ЖАТКЫРЫӉЫЗ

264
0

Британиянын борбору Лондонго сапар кылган Катар амири шайх Тамим бин Хамад ас-Саний Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту. Жолугушууда экономикалык жана коопсуздук маселелери сыяктуу бир нече маселелер үстүндө кызматташуу жолдору талкууланып, Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон Катар амиринен Британияга көбүрөөк каражат жаткырууну сурады.

Эки жетекчи эки мамлекетте теӊ тынчсызданууга себеп болуп жаткан маселелер үстүндө пикир алмашуу үчүн дагы да көбүрөөк кызматташуу керектиги туурасында келишип алышты. Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон Катар амири шайх Тамим бин Хамад ас-Санийден Британияга көбүрөөк каражат жаткырууну өзгөчө суранды.

Жолугушуу боюнча Британия премьер-министрлигинен берилген билдирүүдө Катар амиринин Британияга зыяраты маалында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери “Шарака” келишимине кол коюшканы кабарланды. Келишимге ылайык, Катар жана Британия ортосунда маданият, коргонуу, билим-берүү, соода жана энергетика тармактарына тиешелүү алакалар күчөтүлөт.

О.э. премьер-министрликтен чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, Кэмерон Катардын Британияга акыркы жолу 20 миллиард фунт стерлинг өлчөмүндө жаткырган каражатына ушунчалык кубанычта болгон.

“Кэмерон Катар амирин, айрыкча мамлекеттин түндүгүндө ишке ашырылышы пландаштырылган электростанция жана ылдам жүрүүчү поезд сыяктуу маселелерде учурду өткөрүп жибербөөгө чакырды. Британиянын Катарда ооруканаларды жана университеттерди курушу сыяктуу тышкы иштери да көрүп чыгылды”, “Кэмерон Катар өкмөтү тарабынан чыгарылган “террорду колдоп-кубаттоого тыюу салуу мыйзамын” ыраазылык менен тосуп алып, бул мыйзам иш жүзүндө колдонулушун ынтызардык менен күтө тургандыгын билдирди. Эки мамлекет теӊ кооп-коркунучка себеп боло турган маселелерде маалымат алмашуу үчүн дагы да көптөгөн иштерди кылуу керектиги үстүндө келишип алышты”, – деп айтылат билдирүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here