КЫТАЙ ТАЖИКСТАНДЫ ДА КАРЫЗГА БАТЫРУУДА

249
0

Расмий сапар менен Кытайга барган Тажикстан президенти Эмомали Рахмон иш сапарынын алкагында Хенан областынын губернатору Сиэ Фучжан менен Пекин шаарында жолугушту.

Мамлекет жетекчилеринин маалымат кызматынын кабар беришинче, Хенан областында жайгашкан компаниялар тажикстандык ишкерлер менен жакындан кызматташуу жана жакынкы убакыттын ичинде айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетүүнү жолго коюу ниетинде экендиктерин билдиришти.

Жолугушуудан кийин Тажикстан жана Хенан областы ортосунда кызматташуу туурасындагы меморандумга кол коюлду. Жогорудагы келишимге ылайык, кытайлык ишкерлер Тажикстанда айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетип чыгарууну жолго коюу үчүн 800 миллион доллардан ашык каражат жаткырышат.

Бардык колонизатор мамлекеттер сыяктуу эле Кытай өкмөтүнүн да “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине бере турган “жардамы” же жаткыра турган каражаттары жалаӊ гана айыл чарбасы жана маданият сыяктуу эч кандай киреше алып келбей турган, тескерисинче, мамлекет жана элди дагы да көбүрөөк карыз баткагына батыра турган тармактарга гана бөлүнөт.

2013-жылдын жыйынтыгына боюнча, Тажикстандын тышкы карызы 2 миллиард 161 миллион долларга барабар болгон болсо, 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгына келип  2 миллиард 200 миллион долларга, же болбосо, республиканын ички дүӊ продукциясынын (ИДП) 21,9 пайызына барабар болду жана бул карыз тынымсыз көбөйүп барууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here