АФГАНИСТАНДАГЫ ЖОГОТУУЛАР

285
0

Афганистанда Америка армиясы чоӊ өлчөмдөгү техникалык жабдыктарынан айрылды.

“The Telegraph” гезити таркаткан кабарга ылайык, Пентагондун башкы ревизору 2013-жылдын финансылык отчётуна таянып билдиришинче, АКШ куралдуу күчтөрү Афганистанда 420 миллион доллар өлчөмүндөгү аскерий жабдыктар жана техникалык жабдыктарды жоготкон.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби бул иште америкалык аскерий жетекчилерди айыптап, аларды катуу сындады. Кирбинин айтымында, алар Баграм жана Кандагардагы АКШ аскерий базасында жүз берген жоготууларга тиешелүү маалыматтарды жашырып келишкен.

Аскерий жабдыктар жок кылынганбы же душмандын колуна түшүп калганбы, мунусу белгисиз бойдон калууда. Ушул маселеге көӊүл бурган башкы ревизор бул түрдөгү каражаттар 13 жылдан бери Афганистанда аскерий операцияларды уюштуруп келген Америка аскерийлери үчүн терс таасирин тийгизишине басым жасады. Мындан тышкары, жарым миллиард долларга жакын жоготуулар себептүү бирер адам жоопкерчиликке тартылган эмес.

Бул жоготуулардын арасында курал-жарак системалары, транспорт каражаттары, байланыш каражаттары жана согуштук жабдыктар да бар.

Мындан мурда Афганистандагы долбоорлор үчүн АКШ ажыраткан акча кандай жумшалып жатканы үстүндө текшерүү өткөргөн атайын инспектор аянычтуу тыянакка дуушар болгон эле. Атайын инспектордун билдиришинче, миллиарддаган долларлар аткаруу көзөмөлүнүн жетишпестиги жана жоопкерсиздик себептүү талаага кеткен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here