КЫРГЫЗСТАНГА АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН ОРУНБАСАРЫ РАСМИЙ САПАР МЕНЕН КЕЛЕТ

294
0

АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча орунбасары Даниэль Розенблюм расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

10-октябрь күнү Бишкектеги АКШ элчиканасынын кабар беришинче, Розенблюм АКШ эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID)жаңы программаларынын расмий ачылышына катышат.

Мындан тышкары, Даниэль Розенблюмдун коомдук ишмерлер жана журналисттер менен жолугушуусу да пландаштырылган.

АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасарынын Кыргызстанга боло турган сапарынын астында Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 190го жакын мамлекеттик эмес уюмдар 10-октябрь күнү депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Н.Мамадалиев жана Н. Нарматовалар тарабынан сунушталган “Чет элдик тыӊчылар туурасындагы” мыйзамды кабыл албастыкты суранып президентке, премьер-министрге жана омбудсменге кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда жазылышынча, жогорудагы мыйзам долбоору негизги демократиялык багыттарга тескери көрүнүштө кемсинтүүчү (дискриминациялык) өлчөөлөрдү өз ичине алып, бул мыйзам кабыл алына турган болсо Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан  жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коёт.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекеттеринде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан АКШ эл аралык өнүгүү агенттигин (USAID)ди  түзүү туурасындагы документке 1961-жылы АКШ президенти Жон Кеннеди кол койгон эле. Уюмдун түзүмүнө ылайык, анын негизги багыттары соода-сатык, айыл-чарбасы, экономикалык өсүш, саламаттыкты сактоо, карама-каршылыктардын алдын алууда жардам берүү жана демократияны колдоп-кубаттоодон турган болсо да, түпкүлүгүндө болсо мамлекеттик эмес жана коммерциялык эмес уюмдарды колдоп-кубаттоо аркылуу учурдагы бийликтерди “түстүү ынкылаптар” аркылуу өзгөртүүдөн турат. “Википедия”да берилген маалыматтарга ылайык, USAID 1960-1970-жылдарда АКШ борбордук разведка башкармалыгы (ЦРУ) менен жакындан кызматташкан. АКШ разведкачылары көпчүлүк абалдарда чет өлкөдө USAIDдин кызматкерлери деген чүмбөт менен иш жүргүзүшөт. Ошондуктан да Россия Федерациясы 2012-жылдын сентябрь айында Россиянын аймагында USAIDдин ишмердүүлүгүн токтотушу жөнүндө АКШ өкмөтүн эскертти жана бул уюмду Россиядан чыгарып жиберди.

  Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мамлекеттик эмес жана коммерциялык эмес уюмдардынДаниэль Розенблюмдун сапарынын алдында жанданып калышы да бекеринен эмес.

Туркистон:

Бирок, Кыргызстан Россия эмес. Бул бечара мамлекеттин эл аралык саясатта дээрлик орду жок. Кыргызстанга АКШ жана башка чоӊ мамлекеттер тарабынан басым өткөрүү рычагдары өтө көп. Атамбаев басымдар астында өтө оор абалда калды. Чындыгында эле мамлекеттик эмес уюмдардын дээрлик бардыгы Батыштын, айрыкча, АКШнын куралы болуп калышкан. Россиянын Кыргызстанды аларды мүмкүн болушунча акаараттоого чакырышы анык. Бирок, ушул иштердин акысына Батыш тарабынан Кыргызстанга берилүүчү ар кандай басымдардан кутулуу аракеттеринде жардам бере албайт. Буга Украинаны мисал келтирүүгө болот.

Кыргызстанда уюштурулган төӊкөрүштөр Россия тарабынан ишке ашырылды. Атамбаевдин Россияга көз каранды болуп бара жатканы да, ошолорду билгендигинен жана корккондугунан. Эми Өзбекстанда таасирин күчөтүп алган АКШ Кыргызстанда жана Тажикстанда ишмердүүлүгүн күчөтүүгө киришти.

Бул аракеттер эки максатты биротоло ишке ашырууга каратылган болушу мүмкүн. Биринчиси, Афганистандагы НАТО күчтөрүн алып чыгууда жасалма тоскоолдуктарды пайда кылуу максатында аскерий техниканын чыгуу жолдорунда башаламандыктарды пайда кылуу. Муну менен Афганистандагы аскерий базаларында мүмкүн болушунча көбүрөөк аскер жана техника алып калмакчы болот. Экинчи тараптан, Кыргызстанда түстүү ынкылап ишке ашырылса, Өзбекстанды экономикалык блокададан сактап калууга болот. Кыргызстандын “Бажы биримдигине” кошулушу Өзбекстанды оор абалга кептеп коюшу мүмкүн. Акыркы кездерде Каримовдун Путин менен мамилелерин жакшыртып жатканы бекеринен эмес. Каримовдун дагы Ислам жана мусулмандар менен да жакындашууга умтулуп жатканы сезилди. Бул Кыргызстан менен алакалар начарлаганда же Россиянын ыктыярына өтүп кеткенде, бир гана Афганистан дүйнө менен алака кылуу багыты болуп калышына байланыштуу.

Тыянак кылып айта турган болсок, Кыргызстан өз кызыкчылыктарынан келип чыгып аракет кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой бара жатат. Розенблюмдун сапары да, бечара Атамбаевге басым өткөрүү, мамлекеттик эмес уюмдарды андан коргоо жана жаңы көрсөтмөлөрдү берүүдөн турат. Акаев, Бакиевдер ушул иштерден коркуп Россиянын канчалаган басымдарына карабастан ГАНСИ авиабазасын Кыргызстандан чыгарып жиберүүгө батына алышпаган эле.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here