«Азаттык» радиосунун кабарына ылайык, 37 жаштагы төрт перзенттин энеси сиңдибиз Нилуфар Рахимжанова ушул жылы 14-сентябрь күнү Өзбекстандын Ташкент шаарындагы «Зангиата» камагында шейит болду.
Нилуфар Рахимжанова 2012-жылы жакындарын көргөнү Өзбекстанга барганда чегараны мыйзамсыз кесип өтүүдө жана терроризмде айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Маркумдун жолдошу, оппозиция активисти адвокат Сайидюнус Истаравшанийдин айтышынча, «Денени тезинен көмүү талап кылынган, дене алынып келингенден кийин алты сааттын ичинде Ташкенттеги көрүстөндө жерге берилген. Денени алып келгендер өлүм себебин айтышпаган».
Ушул мусулман Өзбекстанда (расмий статистикага ылайык) 24.5 миллион калк жашайт, адардын 88%ын мусулмандар, 9%ын насранийлер, 3%ын башка дин өкүлдөрү түзүшөт.
Советтер Союзу кулаганда адамдар – айрыкча, жаштар – Исламдын Куръан жана Сүннөттөн турган асыл булагынан таалим алууга жүздөнүштү. Алардын жүрөктөрү коммунисттик башаруудан бир нече жыл өтүп Ислам динине талпынды. Бирок, кулатылган коммунисттик мамлекеттен зулумду мурас кылып алган залим режим бул өзгөрүүлөрдү терс баалап, Исламга каршы кыйраткыч саясат алып барды, мусулмандарга каршы тогуттардын жолун тандады, алар астында убадага да, милдетке да бапаа кылбады, эркек-аялды ажыратып олтурбады. Даъватчы жана башка көптөгөн пакиза абийирдүү муслималар муслима болушканы үчүн гана камакка алынып, жасалма айыптоолор менен камактарга ташталды. Бул камактар өтө оор абалда болгондуктан, жөнөкөй жашоо шарттары да камсыздалбаган жаман абалда болгону үчүн муслималар өтө азып кетүү, ден соолугунун начарлашы, сыз жана күндү көрбөө себептүү өнөкөт оор ооруларга чалынуу сыяктуу кыйынчылктарга туш келишти. Булар да жетпегендей, жаман мамиле жана кыйноолорго дуушар болушту, кээ бир учурларда кудум Нилуфар сыяктуу шейит болушту.
Биз, Хизб-ут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүчөлөрү, Аллах Субханахудан Исламдагы курбубуз Нилуфарды Өзүнүн рахмат жана кечиримине алышын сурайбыз о.э. тогут Каримовго мындай дейбиз: Шашылба, эсеп күнү Аллахтын уруксаты менен абдан жакын, зулум мамлекети бир сааттык, акыйкат болсо Кыямат күнүнө чейин түбөлүк жана Аллах Өз убадасын таптакыр бузбайт, биз силердин муслималарга, өзгөчө, Хизб-ут-Тахрирдин даъватчы аялдарына камакка алуу жана кыйноолорго салуу менен эң жаман ыкмаларды колдонгонуңарды таптакыр унутпайбыз. Досубуздун жолдошуна жана перзенттерине мындай дейбиз: Бүгүн бул залимдер мусулмандарга Аллахтын өкүмдөрүнө амал кылышканы үчүн бардык жайда эркек-аялга ажыратпастан басым өткөрүп жаткан болушса да, бирок, Аллахтын жарык күндөрүнө жакын калды, Ал Исламды жана мусулмандарды жек көргөн бул кылмышкерлерден албетте өч алат. Ислам Үммөтүнө мындай дейбиз: Качанга чейин сүкүт кыла бересиңер! Көрбөй жатасыңарбы! Акыйкат жолу ачык-айкын, ал да болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолду тутуучу экинчи Халифалык мамлекетин кайра тикелөө жолу, бул мамлекетте аны менен коргонула турган жана анын артында туруп согуш кылына турган калкан жетекчилик кылат. Ошондой болгон соң, бул дүйнө жана Акырет күч-кудуретине Аллахтын уруксаты менен татыктуу болуу үчүн ушул мамлекетти тикелөө жолунда аракет кылгыла. Аллах Uдан дуба кылып сурайбыз, бизди Каримов жана ага окшогондорду азаптоо менен момундар кадыржам боло турган күнгө жеткиргин о.э. Нилуфарды Иллиййиндеги шейиттер катары кабыл алгын… амин.
- «Кийин таква заттарды (андан) куткарабыз жана залим кимселерди чөгөлөгөн абалдарында (тозокто)калтырабыз» [19:72]
Хизб-ут-Тахрирдин
Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты
уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43
Факс: 00961 130 75 94
электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info