КОАЛИЦИЯЛЫК КҮЧТӨР “ЖАБХАТУН НУСРА”НЫ БУТАГА АЛДЫ

234
0

ИШИМге каршы күрөшүү үчүн АКШ башчылыгында түзүлгөн коалициялык күчтөргө караштуу аскерий самолёттор Сириянын Идлиб регионунда жайгашкан Жабхатун Нусра мужахиддеринин штабдарын бутага алышты. Чабуулда өтө көптөгөн адамдар өлгөндүгү айтылууда.

Сириядагы жергиликтүү координаторлук комитет тарабынан берилген билдирүүдө келишинче, коалициялык күчтөргө караштуу аскерий самолёттор Жабхатун Нусра мужахиддерине караштуу курал-жарак складдарына да чабуул кылышкан. О.э. билдирүүдө коалициялык күчтөр Түркия жана Сирия ортосундагы өткөөл чекити болгон “Bab Hava” чегара пунктун да бомбалагандыгы айтылат.

Аймактагы активисттердин бири Мустафа Абу Латифтин маалымат агенттиктерине билдиришинче, Харм шаарында Жабхатун Нусра мужахиддерине караштуу эки курал-жарак кампасы чабуулга дуушар болгон. Чабуулдун натыйжасында айланадагы карапайым жарандар, ошону менен бир катарда бир нече жаш бала өлгөн.

Мустафа Абу Латиф: “АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөрдүн чабуулдарынын натыйжасында жер менен жексен кылынган үйлөрдүн астынан кээ бир техникалык жабдыктар аркылуу өлүктөр жана жарадарлар чыгарып алынууда”, – деди.

Абу Латиф Жабхатун Нусра штабдары чабуулга дуушар болгондугун тастыктап, Идлибдин Буская кыштагына жакын жайгашкан Ахроруш Шам жихадий тобуна караштуу жерлер да бомбалангандыгын айтып өттү. Бирок, ал өлгөндөр жана жарадар болгондор туурасында айтпады.

Мындан бир топ күн мурда АКШдан тынымсыз курал алып турган муътадил (демократияны жактоочу) оппозиция Жабхатун Нусра жихадий тобуна моюн сунуп, өздөрүнө тийиштүү курал-жарактарды аларга тапшырган эле. Ошондон кийин Америкада чыгуучу Вашингтон пост гезити АКШ өкмөтү Жабхатун Нусрага чабуул кылууну пландаштырып жатканы туураснда жазып чыккан.

АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөрдүн Сириядагы мужахиддерди бутага алышы Башар Асадга жан киргизгени айтылууда. Ошол эле убакта Асадга караштуу күчтөрдүн Халабдын борборундагы көзөмөл чекитине байланыштуу Хандарат аймагына чабуул уюштурушу бул сөздү тастыктап турат. Учурда Халабдагы оппозициялык күчтөрдүн курчоо астында калуу коркунучу пайда болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here