АТАМБАЕВ: ДИНИЙ РАДИКАЛИЗМ КҮЧӨП БАРУУДА

230
0

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев мамлекетте акыркы кездерде диний радикализм (саясий Ислам) күчөп бара жатканын баса белгилеп, буга каршы күрөшүүнү жана ошону менен бирге илманийликке (динди мамлекеттен ажыратууга) тиешелүү негизги мыйзам-эрежелерди дагы да күчтүүрөөк көрүнүштө колдонуу керектигин билдирди.

Коргоо кеӊешинин жыйынында сөз сүйлөгөн президент мамлекетте коопсуздукту камсыздоо үчүн диний ишмердүүлүктөргө көӊүл буруу жана динге карата мамилени алдын ала белгилеп алуу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев: “Сөз улуттук коопсуздугубуз жөнүндө болуп жаткан соӊ, өкмөт диний тармактарга түзөтүүлөрдү киргизиши өтө маанилүү. 2014 жана 2020-жылдар аралыгында динге карата кандай саясат жүргүзүшүбүздү азыртадан белгилеп алышыбыз зарыл”, – деди.

Президент Атамбаев диний тармакта бүт дүйнө жүзүндө өтө көптөгөн өзгөрүүлөр жүз бергендигине көӊүл буруп, динге байланыштуу маселелерди кайрадан тартипке салуу керектигин айтып өттү.

Президент: “Жакынкы Чыгышта акыркы кездерде ИШИМ деп аталган уюм жана диний экстремисттер (Исламий топтор) адамзатка туура келбей турган кылмыштарды ишке ашырууда. Алардын бул иш-аракеттери бизге да дин жана мамлекетке тиешелүү маселелерди кайрадан карап чыгуу милдетин жүктөп жатат”, – деп баса белгиледи.

Атамбаев биринчи жолу дин тармагында мамлекеттин саясаты “светтик мамлекет” мабдасына (дин мамлекеттен ажыраган мабдага) таянышын билдирди.

“Радикал Исламдын чыныгы Исламга эч кандай тиешеси жок. Кээ бирөөлөр жаӊы жылды майрамдабагыла, биз үчүн Рамазан жана Курман айт майрамдары жетиштүү деп жатышат. Биздин башка майрамдарыбыз да бар. Эгемендүүлүк күнү, нооруз, жеӊиш күнү, буларды белгилөө кээ бирөөлөрдүн назарында капыр болуу”, – деди Алмазбек Атамбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here