«Хизб-ут-Тахрирге каршы соттук куугунтуккаТОКТО деп айткын!» Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын басма сөз конференциясы

272
0

2014-жылы 18-сентябрь күнү Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты Истамбулдагы «Ак күн» мейманканасында  басма сөз конференциясын өткөрдү. Ушул конференция 18-сентябрдан 30-сентябрга чейин өткөрүлүп жаткан «Хизб-ут-Тахрирге каршы соттук куугунтукка ТОКТО деп айткын!» деп аталган кампания алкагында уюштурулду. Анда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмүнүн төрагасы Махмуд Кар сөз сүйлөп, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Түркия соту тарабынан адилетсиздиктерге туш келип жатканы жөнүндө кыскача сүйлөп, сот өкүмдөрү мыйзамга тескери репрессиячыл саясий өкүмдөр экенин баяндады, Түркия бийлигине, сот системасына, жарандык коом уюмдарына, маалымат каражаттарына жана бардык мусулмандарга мындай адилетсиздиктер астындагы жоопкерчиликтерин эске салды.

Чакырыгыбызга ылайык басма сөз конференциясына катышууга жана кампанияны колдоп-кубаттоого ыраазы болгондордун айрымдары:

«Туура кабар» гезитинин кабарчысы Хасан Сабаз, адвокат Хасан Улчер, «Имкан-дер» башкы төрагасы Мурат Узер, «Мазлум-дер» башкы секретарынын орун басары адвокат Кая Картал, адвокат Нежиб Кибар, «Фатих Акинжилар» коомунун башкы төрагасы Мехмет Шахин, Истамбулдагы Пикирий университет ректору Мустафа Шатируглу, «Мазлум-дер»дин Истамбул бөлүмүнүн төрагасы Гунейт Сарияшар. Ушул катышуучулар, жалпысынан исламий уюмдарга, өзгөчө, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы түрк сотунун адилетсиздиктери жөнүндө билдирүү беришти.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмүнүн мүчөлөрү, коомчулукка ушуну маалымдайбыз, 18-сентябрдан 30-сентябрга чейин өтө турган ушул кампаниябыз башталыш гана, биз ушул кампания алкагында саясатчылар, саясий уюмдар, жарандык коом уюмдары жана маалымат каражаттары менен жолугушуу уюштурабыз о.э. мындай адилетсиздикке чек коюлбаса, ушул кампаниябызды жаңы-жаңы көрүнүштөрдө улантабыз.

Хизб-ут-Тахрирдин Түркиядагы басма сөз бөлүмү

Электрондук почта: bilgi@hizb-turkiye.org

Веб баракча: www.hizb-turkiye.org

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here